Биз менен байланышыңыз

Президент билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды

Кыска кабар , Саясат | 25 Фев 2023 | 612 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров билим берүү жана илим тармагы — мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин баса белгиледи.

Жолугушууда Жапаров билим берүү жана илимди каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурулганын, тагыраак айтканда Билим берүү министрлигинин бюджети 29 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин көтөрүлгөнүн эске салды.

Мындан тышкары, каражат бөлүү менен эле көйгөй чечилбей тургандыгын комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарылдыгын жана билим берүү системасы реформага муктаж экенин мугалимдердин окутуу ыкмалары реалдуулукка шайкеш келиши керек экенин кошумчалады.

Ал эми министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Мамлекет башчыга билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жакынкы пландары жана келечеги тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган Концепцияны жакынкы күндөрү сунуштай турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM