Биз менен байланышыңыз

Мурдагы депутат Ирина Карамушкина милицияга көрсөтмө берди

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 247 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина Чүй облустук ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 24 жаштагы жигиттин өлүмү тууралуу билдирүүсү боюнча көрсөтмө берген.

Чүй милициясынын маалыматына караганда, Карамушкина Кой-Таш окуясындагы жигиттин өлүмү жана анын жашыруун көмүлгөнү тууралуу маалыматты бейтааныш Б. аттуу аялдан алганын, 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда бул маселени коомчулукка көтөрүп чыкканын айткан.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Атамбаев менен Карамушкинанын Кой-Таш окуясында бир жигиттин өлүмү жана аны жашыруун көмүү боюнча айткан жүйөлөрү тастыкталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаевдин 14-февралда колониядан бошотулгандан кийин сүйлөгөн сөзүнө мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында өткөн окуя учурунда аны карапайым эл коргоп жатканда жарандардын бири жашырун көмүлгөнү белгилүү болгон.

16-февралда бул маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорудагы жаранды көмүү боюнча Талас облустук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, К.М. аттуу жарандын өлүмүнүн Кой-Таш окуясына тийиштиги жок экени аныкталган.

«Анын өлүмү кырсыктан улам болгону аныкталды. Белгиленгендей, ал тоодо жоголгон малын издеп жүрүп, кокустан сол бутуна атып алып, көп кан жоготуудан улам каза болгон. Муну чогултулган материалдар жана жакын туугандарынын көрсөтмөлөрү тастыктап турат. Мылтык да алынган», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM