Биз менен байланышыңыз

Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 61 млн сомдон ашык акча топтолду

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 186 | 0

Бүгүн, 22-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке кыргызстандыктар 61 млн 50 миң 775 сом топтоду. Атайын эсепке мындан тышкары 15 миң 250 рубль түшкөн.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM