Биз менен байланышыңыз

Түркиядан келген куткаруучуларды кантип тосуп алышты? (сүрөттөр)

Кыска кабар , Сүрөт | 21 Фев 2023 | 6141 | 0

Бүгүн, 21-февралда Түркия мамлекетине жардам берүү үчүн кетишкен Кыргызстандын куткаруучулары өлкөгө кайтып келишти. Куткаруучулар түшкөн учактар «Манас» аэропортуна саат 2:35те жана 9:00дө конду. Аларды өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган тосуп алды.

Кыргыз куткаруучулары Түркиядагы жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш жана Хатай аймактарында эки жумадан ашык убакыт эки нөөбөт менен 12 сааттан издөө-куткаруу иштерин аткарган. Кыргызстандан барган куткаруучулар 8 тирүү жаранды куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM