Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинетинин коомдук кеңештерди жоюу демилгеси талкуу жаратты

Коом , Саясат | 16 Фев 2023 | 540 | 0

Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын жана министрликтердин ишин көзөмөлдөгөн коомдук кеңештерди жоюуну көздөп жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечи орган коомдук кеңештерди жоюу максатын «алардын иши натыйжасыз» деген жүйө менен негиздейт.

Ал эми мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук (байкоочу) кеңештердин мүчөлөрү Министрлер кабинетинин аларды жоюу демилгесине каршы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Коомдук кеңештер деген эмне?

Коомдук кеңештер министрликтерде жана мамлекеттик комитеттерде түзүлөт. Алар мамлекеттик органдар менен коомчулук ортосунда көпүрө болушат.

Кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер кирет.

Коомдук кеңештер ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышат, коомдук демилгелерди карайт жана мамлекеттик органдарга тиешелүү тармакты жакшыртуу боюнча сунуш берет.

Ушул тапта түрдүү тармактардагы коомдук кеңештерде 400дөн ашуун адам ыктыярчы катары эмгектенип келет.

Коомдук кеңештер бир жагынан мамлекеттик мекемелер аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу, экинчи жагынан аталган мекемелердин ишиндеги ачыктыкты камсыздап, коррупциянын алдын алуу максатында түзүлгөн.

Транспорт министрлигинин коомдук кеңешинде көп убакыттан бери иштеп келген Талант Садакбаев коомдук кеңештердин зарылчылыгын мындай түшүндүрдү:

«Негизи коомдук кеңештер биринчиден өкмөткө керек. Алар муну түшүнбөй жатышат. Анткени ошол өкмөттүн ишин, аткарып жаткан жумуштарын коомчулукка көрсөтүүгө, министрликтердин ишмердүүлүгү туурасында жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Азыр баарыбыз билебиз, коом өкмөткө, мамлекеттик органдарга ишенбейт, «аткаминерлер чөнтөктөрүн толтургандан башка эч нерсе билбейт» деген канчалаган пикирлер айтылып жүрөт. Ошол себептен коомдук кеңештер өкмөттүн ишин сындаганга, каталарды айтканга, керектүү сунуштарды бергенге өтө зарыл кызмат катары кабыл алсак туура болот».  

Коомдук кеңештердин курамы кеминде жети кишиден туруп, он бештен ашпоого тийиш. Алардын мүчөлөрү эки жылга тандалат. Коомчулукта «байкоочу кеңештер институту башында түзүлгөн максатына жеткен жок, бийликтин айтканынан чыкпайт» деген пикирлер жок эмес.

Жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кеңеш бар.

Ар бир министрликтин жана мамлекеттин органдын курамында коомдук кеңеш болушу керектигин ИИМдин байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов белгиледи. Анткени коомчулукта болуп жаткан маселелерди, көйгөйлөрдү тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жеткирүү маанилүү деп эсептейт.

Ал 2014-жылы «Коомдук кеңештер байкоо гана жүргүзөт» деген мыйзам кабыл алынып калганын, мындан улам аталган кеңештер толук кандуу жана натыйжалуу иштей албаганын айтып берди.

«2014-жылы кабыл алынган мыйзамда «Коомдук кеңештер байкоо жүргүзөт, өз сунуштарын берет, ал эми мамлекеттик же муниципалдык орган берилген сунуштарды аткарса да болот, аткарбаса да болот» деп жазылып калган. Ошондуктан көп мамлекеттик органдарда натыйжа болгон эмес. Жөн гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон, ошол жерге «эптеп» кирип алып, тендерлерге катышуу максатын көздөгөн байкоочулар да болгон».  

Талдоочулардын айтымында, 2020-жылдын октябрынан тарта Кыргызстанда коомдук кеңештерге мамиле солгундап, өкмөт аларды укмаксан, көрмөксөн болуп келе жатат.

Ошондой эле Министрлер кабинети коомдук кеңештер менен чогуу жыл жыйынтыктоочу жыйынды өткөрбөгөнү, курамы, мөөнөтү өткөнүнө карабай, жаңылана электиги белгиленген.

Коомдук ишмер Мавлян Аскарбеков бүгүнкү күнгө чейин байкоочу кеңештер өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткара алган жок деген пикирде. Ошондуктан ал кеңештер жоюлса, эч нерсе өзгөрбөйт.

«Байкоочу кеңештер өз функцияларын аткара албай калган. Себеби бир да байкоочу кеңештин отчётун уккан жокпуз, министрликтердеги коррупциянын жүзүн ачканын көргөн жокпуз, жүргүзүп жаткан саясатын, айтып жаткан сынын да уккан жокпуз. Негизи коомдук кеңешти түзүү демилгеси башынан жакшы болчу, бирок биздин бийлик башындагылар «кызматын өмүр бою аркалайм» деген түшүнүк менен келип отургандар өздөрүнүн тааныш-билиштерин ошол байкоочу кеңешке киргизип алып, жыйынтыгында аталган кеңеш эч кандай жыйынтык бербей калды. Бүгүн жоюп салса да, жойбой койсо да эч бир өзгөрүү болбойт».

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, коомдук кеңештер конкреттүү сунуштарды киргизбейт, анткени бардык ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдар өз алдынча иштеп чыгат. Юстиция министрлиги жарандар мамлекеттик органдын ишине коомдук кеңештердин жардамысыз эле катыша алат деп эсептейт.

Министрлик мамлекеттик органдар коом менен иштешүүнү токтотпойт деп убада бергени айтылат.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 12 жыл ичинде мындай кеңештер экономиканын өсүшүнө, элдин жеткиликтүү турак жай менен камсыз болушуна, коррупциянын азайышына, сот системасынын реформаланышына, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардын натыйжалуу иштөөсүнө алып келди.

Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Отунбаеванын бул демилгеси жарандык коом жана ишкерлер тарабынан колдоо таап, 2014-жылы «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM