Connect with us

Сириядагы Кыргызстандын жарандары өлкөгө алып келинди

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 730 | 0

«Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын жаңжал болгон аймагындагы Кыргызстандын жарандары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 16-февралда атайын учак менен 18 аял жана 41 бала Кыргызстанга алып келинди. Аларды президенттик администрациянын кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алды.

Келген балдар өлкөнүн шартына көндүрүү үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM