Биз менен байланышыңыз

«Быйылкы айдоо-себүүгө үрөн да, күйүүчү май да жетет»

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 278 | 0

2023-жылдагы айдоо-себүү иштерине 80 пайыздан жогору үрөн бар, маселе жаралбайт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламенттин 16-февралдагы жыйынында айтты.

Ал эми айыл чарба техникаларынын 85 пайызы даяр. Мындан тышкары 42 миң 171 тонна дизелдик күйүүчү май бар, 100 пайыз жетет.

40 миң тонна минералдык жер семирткич бар, анын 30 миң тоннасы аммиак селитрасы, калганы фосфордук селитра. Баасы былтыркыга салыштырмалуу төмөн.

Министрдин айтымында, быйыл сугат каналдарын даярдоо иштери жүрүүдө, ага 1 млрд сом бөлүнгөн. Быйылкы жылга 816 чакырым сугат каналы тазаланат. Бул былтыркыга караганда 50 чакырымга көбүрөөк.

Ошондой эле 2 миңден ашык гидротехникалык курулмалар оңдолот. Анын натыйжасында дагы 1624 гектар жерге суу жеткирилет.

Кыргызстанда жалпы 1 млн 268 миң гектар айдоо жери бар. Былтыркы жылга салыштырмалуу 400 миң гектар жерге көбөйтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM