Connect with us

Министр: Былтыр буудай 16 миң гектарга аз айдалды

Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 271 | 0

2022-жылы 644 миң гектар аңызга эгин эгилген. Анын ичинде буудай 233 гектар жерге себилген, бул мурдагы жылдан 16 миң гектарга аз.

Мындай маалыматты айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламенттин 16-февралдагы жыйынында айтты.

«Бирок ошол эле мезгилде биз 163 пайызга көп буудай алууга жетиштик. Арпа 234 миң гектарга себилген. Андан 197 пайызга көбүрөөк түшүм алынды. Кант кызылчасын 2022-жылы 1,2 миң гектарга азыраак эктик, бирок түшүм жогору болуп, 518 центнерди түздү», — деди министр.

Былтыр айыл чарба өндүрүмүнүн экспорту 33 млрд 975 млн сом болгон. Ал эми мал чарбасындагы экспорт 295 пайызга көбүрөөк болгон.

Парламенттин бүгүнкү жыйынына Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышып, өкмөттүк саат өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM