Биз менен байланышыңыз

Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 141 | 0

Бүгүн, 15-февралда Биринчи Май райондук сотунда массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деп шектелген мурдагы башкы прокурор, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын узартуу каралды.

Соттун чечими менен анын камактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы Бектур Асанов менен Акыл Айтбаевдин, активист Али Шабдандын да бөгөт чарасы каралып, апрелдин ортосуна чейин тергөө абагында калтырылды.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн менчик клиникага которулду. Бир күн мурун камактагы активист Перизат Суранова да дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM