Биз менен байланышыңыз

USAID Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 4 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 135 | 0

Бүгүн, 15-февралда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобель Коулман менен жолугушту.

Анда Коулман USAID жаңы коркунучтардын жана жугуштуу оорулардын чыгышынын тобокелдиктерин азайтуу, кесепеттери менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражаттан тышкары Кыргызстанга 4 млн доллар кошумча каржылоо пландаштырылып жатканын айтты.

Бул каржылоо саламаттык сактоо тутумун чыңдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатууга жумшалат.

Изобель Коулман Кыргызстанга Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келди. Сапардын жүрүшүндө ал өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер, жарандык коомдун лидерлери жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, ар түрлүү тармактардагы, анын ичинде саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM