Биз менен байланышыңыз

16-февралда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 266 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-февралда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. Түшкө чейин жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM