Connect with us

Орозайым Нарматованын үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 389 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 15-февралдагы токтомуна ылайык, Нарматовага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.

Орозайым Нарматова 30-январда саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал ооруканада дарыланып жатканы маалымдалган.

Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин (массалык башаламандык уюштурууга даярдык) негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.

Бишкек шаардык сотунда былтыр 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз каралып жатканда Орозайым Нарматова өзүн жаман сезип, отурган жеринде эсин жоготуп жыгылган. Тез жардам келип, аны сот залынан алып чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM