Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 167 | 0

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, алыс жолго чыккан айдоочуларды унааны абайлап айдоого чакырды.

15-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-2-чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM