Биз менен байланышыңыз

Түркияга жардам. Атайын эсепке 17 млн 838 миң сом чогулду

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 239 | 0

Бүгүн, 15-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 17 млн 838 миң 624,75 сом жана 13 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM