Министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламенттин 16-февралдагы жыйынына келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты.
«Эртең, саат 10дон баштап өкмөттүк күн өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөштүм, толук келет. Жазгы талаа жумуштарына даярдык, айыл чарбага бериле турган арзан насыя, жол, турак жай жана башка маселелер боюнча маалымат беришет», — деди спикер.
Күн тартибинде жазгы талаа жумуштарынан тышкары бир топ мыйзам долбоорлору каралат.