Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министрлигинде бир катар кызматтык алмашуулар болду

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 306 | 0

Ички иштер министринин буйругу менен милициянын полковниги Улан Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал Бишкек ШИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

ИИМдин маалыматына караганда, Азизбек Ташболотов Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Кара-Суу РИИБнин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Чынгыз Айтимбетов Ош облусунун Кара-Суу РИИБнин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ош шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM