Эртең, 15-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +6…+8 градус болот.