Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги ыштан арылууга JIA Бизнес ассоциациясынын 5 сунушу

Кыска кабар , Экономика | 14 Фев 2023 | 1239 | 1

JIA Бизнес Ассоциациясы Бишкек шаарындагы ышка каршы күрөшүү иш-аракеттери планына киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыкты. Анда Жашыл экономика боюнча комитети төмөнкү чараларды сунуштайт:

Маалыматтык видеороликтерди түзүү

Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл экономиканын мааниси, түтүндүн коркунучу жана анын пайда болуу себептери, үйлөрдү жана турак жайларды жылуулоонун мааниси жана ыкмалары жөнүндө маалыматтык видеороликтерди түзүү. Максаты: көйгөйдү эмес, аны чечүүнүн жолдорун көрсөтүү, калкка жашыл технологиялардын пайдасы, жылытуу үчүн туура эмес заттарды колдонуунун зыяны жөнүндө маалымат берүү маанилүү.

Энергияны үнөмдөө боюнча ишкерлерди окутуу

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын базасында ишкерлер үчүн энергияны үнөмдөө боюнча тренинг уюштуруу. Окутуулардын негизги милдети – ишкерлердин жана бардык кызыкдар тараптардын энергияны үнөмдөө маселелери, колдонуудагы жашыл технологиялар боюнча билим деңгээлин жогорулатуу.

Субсидияларды берүү

Калктын жакыр катмары үчүн «күрөң» субсидияларды «жашылга» багыттоо аркылуу мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.

Сунушталат:

  • Аз камсыз болгон жарандарга көмүр (көбүнчө арзан жана сапатсыз) сатып алууга бөлүнгөн субсидияларды жашыл технологияларды сатып алууга алмаштыруу. Мисалы: жылуулук насосторун, энергияны үнөмдөөчү мештерди, күн батареяларын, коллекторлорду жана башкаларды;
  • Үйлөрдү жылуулоо үчүн субсидияларды берүү. Анткени үйлөрдү жана имараттарды жылуулоонун жоктугунан чоң жылуулук энергия жоголуп жатат. Муну түшүнбөгөндүктөн үй-бүлөлөр үйлөрүн жылытуу үчүн көмүрдү, ар кандай таштандыларды көп керектей беришет. Натыйжада жаңы конуштардагы абанын сапаты бир топ начар болууда;
  • Субсидиянын эсебинен жаңы конуштарды газдаштыруу. Калктуу конуштарды газдаштыруу жашоочулардын жашоо шартын жакшыртат, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын, өзгөчө кышкы жылытуу мезгилинде олуттуу азайтат.
  • Салыктан бошотуу. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы Салык кодексинде белгиленген стимулдарды иш жүзүндө колдонууну камсыз кылуу боюнча Министрлер кабинетинин чечимдерин активдүү жайылтуу, атап айтканда, энергияны жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды жана алардын компоненттерин КНСтан (НДС) бошотуу жөнүндө, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонгон имараттар үчүн мүлк салыгынан 50% бошотуу. Бул өлкөдө жашыл технологияларды реалдуу колдонууга түрткү берет жана калктын бул технологияларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.

Жашыл технологияларды жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу («Айыл чарбасын каржылоо» программасы сыяктуу). Бул программа үй чарбалары жана башка керектөөчүлөр тарабынан имараттарды жана жайларды жылуулоо үчүн жашыл технологияларды (жылуулук насостору, чакан Күн панелдери, энергияны үнөмдөөчү мештер, башка жашыл орнотмолор жана технологиялар) сатып алуу, жашыл транспортту сатып алуу үчүн суроо-талапка ээ болмок. Учурдагы KyrSEEF Энергия натыйжалуулугу программасы калктын суроо-талабын толук канааттандыра албайт, жашыл, энергетикалык жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарыл.

Жашыл транспортту өнүктүрүү:

  1. Электр транспорту жана заряддоо инфраструктурасы үчүн ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу;
  2. Электр транспортторуна идентификациялык белгилерди киргизүү;
  3. Электромобилдер үчүн преференцияларды киргизүү;
  4. Курулуш ченемдерине электр кубаттоо түзүмүн камсыз кылуу;
  5. Электр заряддоо түзүмүн электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн камсыздоо;
  6. Электр заряддоочу станцияларды курууга лицензия берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
  7. Жашыл технологияларды жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программанын алкагында калктын электр транспортун алуусун илгерилетүү;
  8. Электр унааларын жана электр заряддоо станцияларынын тетиктерин импорттоо боюнча жеңилдиктерди узартуу;
  9. Электр заряддоо түзүмүн өнүктүрүүгө каражат тартуу;
  10. Кыргызстандагы электр заряддоо станцияларынын картасын түзүү.

 

9-февраль 2023-ж.

1 пикир

1 пикир

  1. Төрөбек

    14.02.2023 12:21

    Эң туура сунуштар болуптур.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM