Казакстан бийлиги 2026-жылга карата коңшу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен чек ара соодасынын беш борборун курууга ниеттенип жатканын билдирди. Тактап айтканда, Жамбыл облусунун Кыргызстан менен чектеш аймагында өндүрүштүк соода-логистикалык комплекс (хаб) салынат.
Хабдын иши жаңы товарларды сактоого, кайра иштетүүгө, өндүрүштүк кооперацияны камсыз кылууга жана аларды эл аралык товар өткөрүүчү системаларга чыгарып, андан ары сатууга багытталат.
Үч жылда Казакстан коңшу өлкөлөр менен беш хаб: Түркстан облусунун Өзбекстан менен чектеш аймагына «Борбордук Азия» өнөр жай кооперациясынын эл аралык борборун, Батыш Казакстан облусунун Орусия менен чектеш аймагына «Евразия» чек аралык соода борборун, Маңгыстау облусуна «Каспий түйүнү» контейнердик хабын, Кытай менен чектеш аймакка «Хоргос түйүнү» чек ара комплексин курууну пландап жатат.
Казакстандын хаб куруу ниети жакшы көрүнүш экенин, анткени ошол логистикалык жолдорго Кыргызстан да кирип-чыгып, жергиликтүү товарларды башка өлкөлөргө жиберүүгө жаңы шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн экономист Төлөнбек Абдыров айтты.
Мындай хабдар көбүнесе аны куруп жаткан мамлекетке пайдасын тийгизет. Кыргызстандын бийлиги хаб курууга күчү жетпей жатса, башка өлкөлөрдүкүнө кошулуусу зарыл.
«Логистикалык багыттарга өзүбүздүн продукцияларыбыз менен кирсек жакшы болот. Ал үчүн дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырылган товарларды дарядоо жана чыгаруу керек. Ага өлкөнүн менеджментин, башкаруу системасын, аң-сезимин өзгөртүү зарыл. Мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүшү керек».
Курула турган соода-логистикалык борборлордо кыска мөөнөттүү сактоо, логистика, соода орундарын ижарага берүү, сатууга чейинки даярдоо, товарларды дүң партиялар боюнча консолидациялоо жана кайра бөлүштүрүү, жүктөө жана түшүрүү, трансконтиненталдык жүк ташууларды өнүктүрүү кызматтары көрсөтүлөт.
Дагы бир экономист Расул Түлеев хабдын артыкчылыгы тууралуу айтып, Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдүн товарлары арзаныраак келерин, себеби логистикасы оңой болуп көп мүмкүнчүлүктөр болорун, мындан сырткары жаңы жумуш орундар түзүлөрүн белгиледи.
Бирок ар бир чоң иштин артыкчылыгы да, кемчилиги да болгон сыңары, хабдын Кыргызстанга тийгизе турган терс таасири тууралуу сөз кылды.
«Терс жагы — экономикабыздын алар менен тең атаандаштыкка ээ боло албаганы. Эгер бизде Евробиримдиктин атаандаштыгына туруштук бере турган продукция болсо, Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болмок.
Макроэкономикалык анализ жүргүзсөк, хаб курулса, биздин рынокко көбүрөөк атаандаштык пайда кылып, ички өндүрүүчүлөрдүн иши солгундап, кыйналып калышы мүмкүн.
Башка жагынан алып караганда, атаандаштыктан коркпоо керек. Мамлекет ички өндүрүшкө колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүп бериши зарыл. Ошондо гана бул хаб биздин ишкерлерге узак мөөнөттүү жемиштерин бере баштайт».
Экономист Элдар Абакиров казак-кыргыз-өзбек чек араларына хаб курууну натыйжасыз жана керексиз деп эсептейт.
Анын айтымында, ушул үч өлкөнүн чек ара маселелери толук кандуу чечилген, буга байланыштуу чек араларды ачып коюу менен товарларды өткөрүүдө тоскоолдуктар жаралбай, экономика дагы да таасирдүү көрсөткүчтөргө жетмек.
Абакиров аталган демилгени казак бийлигине сунуштаганда алар тараптан алгылыктуу жооп ала албаганын билдирди.
«Биздин «Дордой» — 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан базар. Чек арага дагы бир «Дордой» куруунун маанисин көрбөй элемин. Ошол эле кезде Казакстан менен биздеги соода, алганыбыз-сатканыбыз 1 млрд доллардан ашты. Биз чек араны ачып салсак, эки тарап тең утмак. Ансыз деле Евробиримдиктин мыйзамы боюнча чек арада бажы көзөмөл болбошу керек.
Менин оюмча, Орто Азия өлкөлөрү: Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан чек араларын толук ачып салса туура болот. Хабга караганда ушундай кылсак, натыйжалуу болмок. Себеби ал канчалык максатына жетет, жетпейт, көп суроолорду туудурат, ошондой эле көп убакыт алышы мүмкүн. Ошондуктан анын маанисин көрбөй элемин».
Казакстандын бийлик өкүлдөрүнүн баамында, чек арага жакын аймактарда инфраструктуралык комплекстерди өнүктүрүү менен өнөр жай кооперациясын ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлөт.
Бул жеткирүү тизмегиндеги катышуучулардын санын кыскартууга, акыркы керектөөчү үчүн товардын наркын төмөндөтүүгө жана жеткирүү ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.