Биз менен байланышыңыз

Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

Блог | 9 Фев 2023 | 2653 | 1

Жер титирөө табигый кырсыктардын саны боюнча биринчи орунда турат. Түркия менен Сириядагы жер титирөө дүйнөнү кайгыга салып отурат. Айттырбай келген тилсиз жоонун кесептинен курман болгондордун саны 10 миңден ашты. Адистердин айтымында тилекке каршы бул сандар дагы өзгөрөт. «Марал» радиосу жер титирөө учурунда кантип сактаныш керек экендиги боюнча кыргыз сейсмология институту көрсөткөн эрежелерди сунуштайт.

Жер титирей баштаган кезде сиз үйдүн ичинде болсоңуз?

1. Эгерде сиз бекем жасалган тамак ичүүчү же жазуу үчүн столдун жанында болсоңуз, анда жерге ички дубалдын жанына жатып башыңызды жана мойнуңузду колдоруңуз менен жабыңыз.

2. Терезелерден, илинип турган предметтерден, бийик эмеректерден, чоң-чоң тиричилик приборлорунан жана оор буюмдар салынган шкафтардан алысыраак кетиңиз.

3. Эгерде сиз имараттын ичинде болсоңуз, ал жактан жер титиреп бүткөнгө чейин чыкпаңыз.

4. Жер титиреп жатканда керебетке жаткан болсоңуз, ошол жакта калып, башыңызды жаздык менен жабыңыз.

5. Көп кабаттуу имараттарда өрт коопсуздугунун сигналдары жана спринклерлер иштей башташына даяр болуңуз.

6. Балконго чыкпаңыз, от жакпаңыз, эшикти ачып, ашык керегесинин алдына туруңуз же коопсуз жерлерге жашыныңыз.

7. Эгерде сиз майыптар коляскасын колдоно турган болсоңуз, анын дөңгөлөктөрүн бекитиңиз да, башыңызды жабыңыз.

Жер титирей баштаганда көчөдө жүргөн болсоңуз:

-Эгерде коопсуз жыла ала турган болсоңуз, анда ачык жерге чыгыңыз. Электр берүү зымдарынан, имараттардан жана бактардан алыс туруңуз.

-Машина айдап бара жатсаңыз, аны жолдун четине буруп, токтоңуз. Салаңдап турган коркунучтуу жерлердин алдына токтобоңуз (мисалы, көпүрөлөрдүн, электр зымдарынын же чоң-чоң жол белгилеринин алдына).

-Кулап кетиши мүмкүн болгон коркунучтуу предметтерди байкап туруңуз, сактап калуу иштеринин штабын табыңыз жана ал жактан каттоодон өтүңүз.

Жер титирөө аяктагандан кийин:

-Тегерегиңизде жүрүшкөн кишилерди текшериңиз, алар жаракат алышы мүмкүн. Аларга алгачкы жардамды көрсөтүңүз

-Олуттуу жаракат алган адамдарды кыймылдатпаңыз, алар катуу коркунучта калган кезден башка учурларда. Аларды жылуулап, жууркандар же кошумча кийим-кечелер менен жаап коюңуз.

-Имараттардан тепкичтер аркылуу тышка чыгыңыз, лифтти пайдаланбаңыз.

-Тегерегиңизде коркунучтуу, өрт, үзүлүп жерге түшкөн электр зымдары, газдын чыгып жатышы жана имараттардын талкаланышы сыяктуу шарттардын жок экендигин текшериңиз.

-Эгерде сизде өрт өчүргүчтөр бар болсо жана сиз аларды колдонууну үйрөнгөн болсоңуз, анда токтоосуз түрдө майда өрттөрдү өчүрө баштаңыз.

Талкаланган айнектерден качыңыз:

Төгүлүп калган коркунучтуу, агартуучу, щелочь, бакча химикаттары, сырлар, бензин же башка бат күйүп кете турган суюктуктардын жанында турганда өтө сак болуңуз. Эгерде сизде шектенүү туула турган болсо, ал жерден кетип калуу керек.

Эгерде сиз урандыларга камалып калсаңыз:

Чаң көтөрүлбөшү үчүн болушунча азыраак кыймылдаңыз.

Оозуңуз менен мурдуңузду кол жоолук же кийимдер менен жаап алыңыз.

Түтүккө же дубалга койгулаңыз, сиздин каякта экениңизди сактоочулар билип турушу үчүн.

Эгерде бар болсо ышкырыкты колдонуңуз. Кыйкыруу эң акыркы аракет катары гана керек.

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Фатма

    23.01.2024 23:37

    Эгерде биз үйдө болсок мисалы дубалдын бурчуна турсак үй кулап калса эмне болот?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM