Биз менен байланышыңыз

«Талапка жооп бербеген имараттардын айынан шаарда жел сокпой калды»

Коом | 7 Фев 2023 | 608 | 1

Бүгүн, 7-февраль Жогорку Кеңеште «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы демилгелеген «Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоолдук кылууда?» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, архитектуралык кызматтардын, эл аралык экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар баяндамаларды жасап, сунуш-пикирлерин айтышты. Алардын бири архитекторлор союзунунун мүчөсү Белек Сарымсаков экологиялык коопсуздук тууралуу аналитикалык баяндама жасап, шаар куруу стандарттары сакталбай, тыгыз жана ченемден ашык курулуш иштери көбөйүп, желдин жүрүшүнө тоскоол болуп, абанын булганышына өтө терс таасир тийгизип жатканын айтты.

«Бишкек шаарында комплекстүү турак жай аянттары комплекстүү гана салынышы керек. Учурда имараттар ченемден ашык, абдан тыгыз салынып жатат. Дүйнөлүк жобо боюнча ашып кетсе, 50% курулуш иштери жүрүп, калганы жашылдандыруу сыяктуу багыттарга бөлүнүшү керек. Учурда башаламан салынган имараттар 80-90%га жетип кетти. Өзгөчө Бөкөнбаев, Токтогул, Киев көчөлөрүн мисал кылсак болот. Курулуш имараттарынын ичинен бала бакчаларды атап айтсак болот. Шаар куруу стандартынын негизинде жашылдандырууну пайыз менен ала турган болсок, 50% болушу зарыл. Бирок учурда 30% болууда».

«Жашыл Альянс» уюмунун аткаруучу директору Илгиз Камбаров маселени чечүүдө массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатканын, кадрлар тааныш-билиш аркылуу алынгандыктан сапатсыз болуп жатканын белгиледи.

«Биз кантип маселени чечебиз эгерде адистердин сапаты болбосо, ал эми адистердин сапаты эмнеге жок? Себеби өзүнүн тууган-досторун алып келип алышкан. Эгерде билимдүү, өзүнүн ишин билген адистер иштегенде бул маселелердин чечилишин айтып беришмек».

Бишкектин вице-мэри Мирланбек Байгончоков бул маселени чечүүдө эмне тоскоол болуп жатканына токтолду.

«Кээ бир маселелерди мэрия тарабынан гана чечүүгө мүмкүн болбой жатат. Комплекстүү иштер жүрүшү зарыл болуп жатат. Биз өз кезегибизде газдаштыруу иштерин улантып жатабыз. Быйыл беш жаңы конушту газга өткөрдүк».

Тегерек столдун жыйынтыгында бардык айтылган сунуш-пикирди эске алуу менен атайын резолюциянын долбоору даярдалып, дагы бир жолу жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.

1 пикир

1 пикир

  1. Бакиров Кочкунбек

    10.02.2023 12:51

    Абанын булганышы ар тараптан каралышы керек жана биринчи кезекте буга метеорологиялык процесстер таасир кылат.Мисалы 11 январда абанын сапаты 25AQI
    -жакшы тузсо,ал эми 18 январда 318А — адамдын денсоолугуна коркунучтуу.Кыскасы буга адис-метеорологдун талдоосу керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM