Биз менен байланышыңыз

Учурашуу адебин сактайлы

Блог | 7 Фев 2023 | 659 | 0

Адамдардын бири-бирине мамиле кылуусу, жакындан пикирлешүүсү, ынтымакташуусу саламдашуудан көз каранды. Учурдагы тынымсыз чуу салган жаңылыктар, өзгөрүүлөр, таасирлер улам көбөйгөн сайын улуттук, адептик, ыймандык дөөлөттөргө тоскоолдук жаратып, көпчүлүктүн аң-сезимине тескери жагдай түзүүдө. Бул макалада адептин башаты болгон учурашуунун ата-бабадан калган салтын улап, улуттук маданияттын көрөңгөсүн, адеп-ахлактын үлгүсүн сактап калууга негиз боло турган пикирлер сунушталат. Учурашуунун терс белгилеринен арылып, элге жугумдуу жөрөлгөсүнө өтүүнүн ар түрдүү маселелери талдоого алынат.

Адебиң — саламдашуу! Адеп — бардык жакшы башталыштардын коңгуроосу! Ал жупуну, салмактуу, адамды жоопкерчиликке чакырган шык болушу керек.

«Илимден адеп улук» деген сөз бар. Кыргызчылыкта адепке өзгөчө маани берилет. «Адеби, ыйманы жок адам — жүгөнү жок азоо аттай» деп сыпатталат. Адептин бир нугу ата-эненин каны аркылуу тээ башат тегинен келет. Бир нугу жандуу күндөлүк тарбиядан берилет. Башатка көз жүгүртсөк, элдин нарк-насили, каада-салты адам болууга тарбиялайт. Учурда адистиктен мурда адам болууга тарбиялоо керек экенин турмуш өзү ырастоодо.

Салам берүү жана алик алуу менен адам өзүн башкалардын арасында күзгү сыяктуу ачып таштайт. Ошондуктан учурашуунун айрым адеп сактай турган учурлары болот:

  1. Таанышпы, бейтаанышпы, көчөдө учурашкан киши менен саламдашуу парз;
  2. Кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок;
  3. Маска, жиндиге, баңгиге салам айтылбайт;
  4. Салам берүүчү алик алуучулардын жообун күтүп отурбайт;
  5. Отурушка кечигип келгендер кол берип саламдашпайт;
  6. Жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат;
  7. Атчан адам жөө адамга учурашат;
  8. Жөө адам отургандарга салам айтат;
  9. Жогортон келе жаткан төмөндөн баратканга салам айтат;
  10. Улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат;
  11. Бирөөлөр кызуу маектешип жатса, алардын сөзүн бөлбөө үчүн кол берип учурашууга болбойт;
  12. Көпчүлүк тамак жеп жатса, кол берип учурашуу туура эмес болуп калат;
  13. Эркек жашы улуу аялдарга кол берип учурашышы керек болсо, биринчи кол сунбайт;
  14. Эркектер менен аялдар өтө жакын тууган же классташ, теңтуш болбосо, кол берип учурашпайт;
  15. Аял менен эркектин, эркек менен эркектин, аял менен аялдын ооздон өбүшүп учурашканы маданиятсыздык, батышты обу жок ээрчигендик;
  16. Жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот;
  17. Конокто кыз-келин эркектерге колун бооруна алып, жүзүн үйрүп, жүгүнүп таазим эткен;
  18. Жамаатка кирип келген киши кимдир бирөөнүн өтө жакыны болуп, көптөн бери көрүшө элек болсо, ошол киши менен гана кучакташып учурашат, калгандарга «көргөнүбүз көрүшкөн» деп коёт;
  19. Жамааттан эки адам бөлүнүп кетип, ары жакта сүйлөшүп жатса, алар менен кол алышып учурашуу жарабайт;
  20. Көптөн бери көрүшпөгөн же узак сапардан келген адам менен эркектер кучакташып, бирок катуу кыспай көрүшөт, мындайда далысын таптап же сылап да койсо жакшы;
  21. Үй-бүлөдө ар бир күнү эртең менен турганда балдар жана кичүүлөр чоңдор менен саламдашат.

Амандашуунун «Манас» эпосундагы орду

Жазуучу Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» чыгармасында: «Манастын бала чагында кабарын уккан Бакай Манасты Жакыптын жылкычысы Ыймандын жайытынан таап, «Арыба, баатыр!» — деп кырк чоросун ээрчитип келип, кырдан көрүп, кыйкырып салам айтканда, Манас ордунан тура калып караса, кырда кызыл байрак көтөргөн кырк жигити менен Бакайдын турганын көрүп, «Бар бол, ава!» — деп чуркап барып, кучак жайып учурашты[1:126]» — деп баяндалат.

Салам берүүнүн Исламдагы орду

Хадистерде мусулмандардын бири-бирине алты акысы бар деп белгиленет:

  1. Салам берүү;
  2. Чакырса баруу;
  3. Кеңеш сураса, айтуу;
  4. Суроосуна жооп берүү;
  5. Ооруса барып көрүү;
  6. Каза болсо, аза зыйнатына катышуу.

Амандашуунун башка улуттардагы өрнөктөрү

Байыркы түрктөрдүн санжырасында: «Эрте туруп энеңе салам айт, андан кийин атаңа салам айт», — делет. Түркмөндөр: «Эртең менен туруп, ата-энеңе салам айт, андан кийин атыңа салам айт», — дешет. Кыргыздар: «Катыны менен урушкан кайнына салам бербейт. Улууга айткан саламың, үйдөн алган сабагың. Бир ирет даам сызган жериңе миң ирет салам айт», — дейт.

1933-жылы Германияда улутчул-фашисттик партия бийликке келгенде, немецтер «Хай, Гитлер!» (Жашасын, Гитлер!) деп учурашкан.

АКШнын Президенттигине эки мөөнөт шайланган Ф. Рузвельт (коляскада отурган майып болгон) жумушка келгенде пол жуугучка, кароолчуга салам айтып кирчү экен.

Саламдашууну кантип жайылтабыз?

 Учурашуу адебинин чегин кеңейтип, алгылыктуу максаттарга жетүү үчүн төмөнкү сунуштарды белгилейбиз:

  1. Үй-бүлөдө уулу же кызы күндө эртең менен ата-энесине салам айтууну көнүмүш адатка, эрежеге айлантышы керек.
  2. Бала бакчага, мектепке, атайын орто окуу жайларына, ЖОЖдорго учурашуунун «Арыбаңыз!», «Бар болуңуз!» үлгүсүн сунуштоо зарыл. Себеби республиканын аймагында бирдиктүү учурашуунун үлгүсү катары кызмат кылат.
  3. Саламдашуу бардык жакшылыктардын, ийгиликтердин, жаратмандыктын, адептин башаты экенин ар бир тарбиялануучунун, окуучунун, студенттин аң-сезимине сиңирүү.
  4. Ар бир инсан (жаш курагына карабастан) учурашуу аркылуу сый-урматка, ырашкерликке, ынтымакка, достукка ж.б. жетишүүгө мүмкүн экенин терең баамдап, улуу муундан калган мурас катары кастарлоого милдеттүү экенин жон териси менен сезиши керек.

Асылбек Айтманбетов

ОшМУнун медициналык колледжинин директорунун орун басары

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM