Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-индус ишкерлеринин В2В форматындагы жолугушуусу болуп өттү

Экономика | 6 Фев 2023 | 562 | 0

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан-Индия бизнес-форуму болуп өттү. Иш-чарага билим берүү, логистика, саламаттыкты сактоо, туризм, курулуш жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 200дөн ашык  кыргызстандык жана 15 индиялык ири компания катышты. «Бизнес үчүн бизнес (B2B)» форматындагы жолугушууда ар бир кыргызстандык ишкер өз тармагы боюнча Индиядан келген ишкерлер менен тажырыйба алмашты.

«Иновация» коомдук фондунун мүчөсү Нуржигит Асанов билдиргендей, Индия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизнес алаканы чыңдоону Кыргызстандан баштады.

«Индиянын ишкерлер тобу КМШ өлкөлөрүнүн бардыгына барып, алака түзүүнү пландашкан. Алар эң  биринчи Кыргызстанга келишти. Мындан кийин башка мамлекеттер менен иштешүүгө өтүшөт. Бизде катталган бир канча ири компания бар. Мисалы, агро тармакта Индиядан келген компания кыргызстандык компания менен келишим түзүп, мындан ары иштеп кете алышат».

Кыргызстандагы аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын айтымында, Индияда кыргыз уздарынын колунан чыккан түрдүү буюмдардын өтүмдүүлүгү жогору болууда.

«Индияда аялдардын ишмердүүлүгүн колдогон чоң жарманкелер байма-бай өтүп турат. Жарманкеге миллионго жакын адам келет. Ал жакта кыргыз айымдарынын колунан жасалган буюмдарга кызыгуу көп болуп, аз убакыттын ичинде сатып алып кетишти. Бүгүнкү иш-чарада бул тармакты дагы өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк. Индиянын Кыргызстандагы элчиси аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат».

Форумга Ысык-Көлдүн тескей жээгин өнүктүрүү дестинациясынын өкүлү Жылдыз Асанакунова индиялык ишкерлерден Кыргызстандагы геопарктарды системалаштыруу багытын өздөштүрүүгө келген. Себеби, Кыргызстанда туризм тармагынан комплекстүү өнүгүү аксап келет деп эсептейт.

«Биз туристтик кызматтарды эң сапаттуу жана бийик деңгээлде тейлеген аймак катары таанытуу максатыбыз бар. Индияда геопарктар өтө көп, алар системалуу жайгашкан. Туристтер бир жердин бир канча баалуулуктарын көрө алышат.  Ал эми бизде бул нерсе аксап жатат. Мисалы, турист он күнгө келсе, убактысынын көбү жолго кетип калат. Себеби бизде кол өнөрчүлүк бир жерде, тамак-аш такыр башка жерде».

Бизнес-форум Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин, ошондой эле КР Президентине караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин, Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM