Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасын жарнамалаган белгилүүлөр эми жазага тартылабы?

Коом , Экономика | 6 Фев 2023 | 447 | 0

Кылмыш-жаза кодексинин «Финансы пирамидаларын уюштуруу беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө», тагыраагы, каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн. Аталган мыйзам колдоо таап, күчүнө кирсе, каржы пирамидасын, кооперативдерди жарнамалагандарга 2-2,5 миллион сом айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. 

Мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин айтымында, каржы пирамидасын уюштурган алдамчы компанияларды мамлекеттик деңгээлде алдын ала аныктоо мүмкүн эмес. Себеби алар Юстиция министрлигинен ЖЧК катары каттоодон өтүшөт. Андыктан каржы пирамидасын «даңктаган» белгилүүлөр эмнени жарнамалап жатканын билүүсү шарт.

«Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесин гана өзгөртүп жатабыз. Элге таанымал болгондор «билбейм калдым» деп айтпашы үчүн укук коргоочулар менен биргеликте мыйзамга толуктоолорду кошуп, дагы иштеп чыгабыз. Себеби карапайым эл блогер, ырчыларга ишенип, абдан көп алданып жатышат».

Юрист Ахунбай Кошоев элге зыяндуу жарнама жасаган атактуулар сөзсүз жазага тартыларын, бул башка мамлекеттерде да ишке ашып келерин айтат. Ал эми билбей калуу жоопкерчиликтен кутултпасын белгилейт.

«Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн атайын билимдүү, ал тармакты билген адамдар жакшылап иштеп чыгып, анан өткөрүшү керек. Кээде мыйзамдар чала иштелип, элге зыяны тийип калышы ыктымал. Каржы пирамидаларын жарнама кылганы үчүн башка мамлекеттердин баарында жазага тартышат. Блогер же ырчы эл алдына чыгып иш жүргүзүп жаткандан кийин эмнени жарнамалап жатканын жакшы билүүсү шарт».

Блогер үй-бүлө катары таанылышкан түгөйлөр Айтурган Замирбек кызы менен Ильяз Чыңгыз уулунун «Инстаграм» социалдык тармагындагы баракчаларында жарым миллионго жакын катталуучу бар. Ильяз Чыңгыз уулу ар бир адамда тандоо болорун, андыктан жарнама жасаган тарапты күнөөлүү деп табуу туура эместигин айтат. Блогерлер буга чейин билбестен «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасын жарнамалап, аларга кылмыш иши козголгондон кийин бул маселеге кылдат карап калышкан.

«Кандай жарнама болбосун, ар бир адамдын өзүнүн чечими. Биз сунуш катары эле айтабыз, мажбурлоо жок. Акыркы учурда алдануулар көп катталгандыктан жарнама көп албай калдык».

«Инстаграм» социалдык тармагындагы баракчасында эки миллион катталуучусу бар ырчы Айдана Деркембаева (Айдана Дека) белгилүү адамдар компаниялардын каржы пирамидасы экенин билбей калышы мүмкүн экенин айтат. Андыктан жарнама кылгандарды эмес, алдамчы компанияларды Кыргызстанда киргизип, иштешине уруксат берген тараптарды жоопкерчиликке тартса туура болмок деп эсептейт.

«Жолдошум экөөбүз кооператив, каржы пирамидасын жарнамалап көргөн эмеспиз. Жарнама берүүчүлөр ыңгайлуу шарттарын сунуштап жатса, блогерлер, ырчылар «элге пайдалуу» деген ойдо алданып калышууда. Кооператив, каржы пирамидасынын иштешине уруксат берген адамдар бар да, жоопкерчиликти ошол тарап алса болмок. Анткени биз ал компаниянын алдамчы экенин кайдан билебиз, көзүбүз ачык эмес да».

Буга чейин интернетте «курулуш кооперативине алданып калдык» деген адамдардын видеосу тараган. Тасмада аялдардын бири таанымал блогерлердин жана ырчылардын жарнамасынан улам компанияга ишеним көрсөткөнүн айткан.

Ички иштер министрлиги 2022-жылы каржы пирамидасы фактысы боюнча 882 кылмыш иши козголуп, миңдеген адам жабыр тартканы тууралуу маалымат берди. Алдангандардын жалпы чыгымы 273 миллион сом, 1 миллион 597 миң доллар болгон.

Казакстан мамлекетинде 2022-жылы Каржы пирамидасы боюнча мыйзам иштелип чыгып, анын негизинде  белгилүү блогерлер Мейржан Туребаева жана Мейирхан Шерниязов эки айга, өздөрүнүн жана жакындарынын мүлктөрү чыгым төлөнүп бүткөнчө камакка алынган. Эки блогер жарнама кылган каржы пирамидасынан 162 адам жалпы 5 миллиардга жакын тенге чыгымга учурашканын казак басылмалары жазып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM