Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 403 | 0

Президент Садыр Жапаров 5-февралда Кой-Таш аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Жапаров Бишкекке жакын жайгашкан 73809 аскер бөлүгүнө барды. Ал аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер, жоокерлер менен баарлашып, аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты. Жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилгени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM