Маданият министрлиги «Клооп» басылмасына макаланы алып салууну талап кылган кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган медианын сайтында маалымдалды. «Клооп» басылмасынан «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деген аталыштагы макаланы өчүрүү талабы коюлган. Министрлик бул материалда «жалган маалымат» берилгенин белгилеген. Макала сайттан өчүрүлбөсө, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга чейинки убакытка токтотуу тууралуу чечим кабыл алары айтылды.
Окуянын чоо-жайына токтолсок. Буга чейин президенттин администрацисынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков: «АРИС Баткендеги социалдык объектилерди куруунун баасын 123 млн сомго кымбат көрсөткөн», — деп билдирген. Орунбеков бийлик АРИСтин долбоорунан баш тартып, Баткенде соцобъекттерди өз каражатына курууну чечкенин кошумчалаган.
Андан кийин Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Баткендеги социалдык объектилердин курулушу кымбат бааланган делген маалыматка комментарий берип, туура эмес деп атаган.
Агенттиктин өкүлдөрү «Клооптун» журналистине байланышып, төмөндөгүлөрдү билдирген.
«Биз жарыяланган макалада АРИС тарабынан жөнөтүлгөн маалымат бурмаланганына көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Ошондой эле АРИСтин релиз-тактоосунда бир дагы кызмат адамынын ысымы аталган эмес, атап айтканда, Д. Т. Орунбековдун аты-жөнү жок. Ушуга байланыштуу сиздерден эки тилдеги материалды бардык платформалардан (расмий веб-сайт, социалдык түйүндөр) өчүрүүнү же так эле АРИСтин сайтында жарыялангандай жайгаштырууну сурайбыз».
Редакциядагы талкуулардан соң материалдын темасы «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деп өзгөртүлгөн.
Бирок уюмдан алардын пресс-релизинде турган баштемага: «АРИС Баткен облусундагы курулуш объектилердин бааларынын кымбатташы тууралуу маалымат берди» деп алмаштырууну өтүнүшкөн.
«Клооп» (Kloop) басылмасы болгон окуяны толугураак, туурараак чагылдырган жаңыланган баштеманы калтырууну туура көргөн.
Мындан улам агенттик Маданият министрлигине арызданган, ал эми басылма макаланы өчүрбөй турганын белгиледи.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялык көзөмөл жана такталбаган (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов министрлик «Клооп» басылмасына макаланы алып салууну талап кылган кат жөнөткөнүн ырастады.
Ал эгер макала өчүрүлбөсө, сайттын ишин эки айга чейинки убакытка токтотуу тууралуу чечим кабыл алынарын билдирди.
«31-январда Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин атынан министрликтин дарегине кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууга 2023-жылдын 25-январында kloop.kg сайтында Орунбековдун Баткендеги соцобъектилери боюнча берген маалыматы туура эмес деген материал чыккандыгы себеп болгон. АРИС басылмага бул макаланы өзгөртүп же мазмунун расмий сайтка жарыяланган макалага ылайык оңдоп берүүсүн өтүнгөн. Бирок ал кайрылуу канааттандырылбай, министрликке кайрылууга аргасыз кылган. Министрлик ал арыздын негизинде Министрлер кабинетинин «Интернет тармагындагы анык эмес жалган маалыматтын жайылышына байланыштуу сайтты же сайттын ээсин иш-аракеттеринин даттануусун токтотуп туруу» тартибин жетекчиликке алып, сайттагы анык эмес маалыматты алып салуу жөнүндө чечим кабыл алды».
Мындай окуя биринчи жолу катталган жок. Былтыр 26-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайты да бөгөттөлгөн. Буга Маданият министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгонун билдирген. Аталган медианы жабуу боюнча сотко да кайрылган. Министрликтин арызы боюнча сот отуруму 9-февралда өтөт.
«ПолитКлиника» сайтынын жетекчиси Дилбара Алимова бул көрүнүш эркин медиаларга карата жасалып жаткан кысымдын бир түрү деген пикирде.
Ал бүгүнкү күндө эркин медиалар гана болгон чындыкты элге жеткирип жатканын кошумчалады.
«Эң ири медиалардан баштап чабуулдар болуп жатат. «Азаттыкты» жабууга аракеттер болуп жатат. Ошондой эле «Кактус медиага» карата 50 млн сом арыз түштү. «Клоопко» карата арыз түштү. Бул кадамдар эркин медиаларды жабуу аракеттери десек болот. Бул өтө жаман көрүнүш. Демократиялык коомдо эркин медиалардын болушу зарыл. Алар гана азыркы учурда болгон чындыкты айтып, көрсөтүп жатат. Ошондуктан биз ушул медиаларды колдошубуз керек. Көз карандысыздыгыбызга кайдыгер карасак, эртең ар бир адам өзүнүн пикирин айтканга такыр мүмкүнчүлүгү болбой калат».
Ал эми «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөбаев ЖМКларга карата маанисиз арыздын түшүшүнө жаңы мыйзам себеп болуп жатканын айтат.
«Мындай көрүнүш маалымат каражаттарына карата куугунтуктун белгилери деген жыйынтыкка аргасыздан токтолуп жатабыз», — дейт ал.
Ал мындай маселелер сот аркылуу гана чечилиш керектигин кошумчалады.
«Эгерде кандайдыр бир анык эмес маалымат болсо, сотко кайрылуу керек. Чындап эле ал маалымат жалган экенин далилдеп туруп, аны алып салса болот. Анан ушул мыйзам туура эмес жазылып калды. Бул мыйзам күчүндө турганда мындай талаштуу маселелер чыга берет. Арыз жазса эле териштирбей, туура эмес маалымат экенин аныктабай бөгөттөп жатышат».
Парламенттин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар АРИСтин жетекчилерин парламентке чакырып, алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алууну сунушташты.
АРИС агенттиги 2003-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен түзүлгөн.