Биз менен байланышыңыз

Энергия алуунун жаңы булактарына кызыккан ишкерлер көбөйдү

Экономика | 1 Фев 2023 | 499 | 0

Бүгүн Бишкекте энергетика министри Таалайбек Ибраев энергия алуунун жаңы булактары боюнча иш жүргүзгөн инвесторлор менен жолукту. Жолугушуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле энергия булактары боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар инвесторлордун ишин жакшыртуу жана тездетүү максатында уюштурулган. Ошондой эле министр жеке ишкерлердин сунушун угуп, министрлик тарабынан кандай жардам керек болсо колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. 

Иш-чарага катышкан 150дөн ашуун инвестордун 90%ын ата мекендик ишкерлер түздү. Алар чакан ГЭС, Күн жана шамал электр станцияларын курууга кызыкдар экенин билдиришти.

«Кырызстандагы жашыл электростанциялар» ассоциациясынын жетекчиси Кундус Кырбашева мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, ишкерлерге шарттарды түзүп берүү керек деген ойдо.

Алар буга чейин электр энергиясын алуу үчүн 3 млн доллардын тегерегинде каражат жумшашкан. Ассоциация ошондой эле өлкөгө чет элдик инвесторлорду тартуу максатында иш алып барат.

«Биз чакан ГЭС, Күн, шамал станциялары ишканалары биригип, ушул ассоциацияны түзгөнбүз. Баарыбыз маселелерди көтөрүп, мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарыбызды айтып келебиз. Суроо-жооп форматында биринчи жолу ушундай жолугушуу өтүп жатат. Биздин мыйзамдар инвесторлордун жумушуна тоскоолдуктарды жаратып келет. Мыйзамдарды тууралап, анан инвесторлорду чакыруу керек. Дүйнө жүзүндө энергетика жаатында инвестиция кылам деген ишкерлер көп. Кыргызстанга да келип жатышат».

Дагы бир кыргызстандык ишкер Азамат Искенбаев март айында Ысык-Көлгө 300 мегават кубаттуулуктагы станция куруу пландалып жатканын билдирди. Аны куруу үчүн КМШ өлкөлөрү боюнча эң ири компания тандалган. Курулуш иштери эки жылга созулат. Ал үчүн министрликтен кандай колдоо керек экенин айтты:

«Бизге мындай станцияларды куруу үчүн чоң жерлер керек. Ошол үчүн биз кайрак жерлерди тандап алганбыз. Эч нерсе өспөгөн, таза жерлер болушу керек. Азыркы учурда «жерди алуу керек, акча төлөп бергиле» деп жатышат. Башкача айтканда, айыл чарба жоготууларына төлөө керек. Бирок бул жерлер айыл чарба жоготууларына жатпайт. Ага 54 млн сом төлөсөк, андан тышкары ижара төлөмү бар. Курулуш иштери эки жыл болот, ага чейин генерация болбойт. Ысык-Көлгө сала турган станция жылына 600 млн киловаттан көп электр энергиясын берет. Бул жаңы технология жана таза энергетик болуп эсептелет».

Энергетика министри Таалайбек Ибраев инвесторлор туш болгон тоскоолдуктарды жоюу үчүн министрлик тарабынан иштер жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстанда жашыл энергетика жаңыдан өнүгүп келе жаткан тармак экенин белгилеп, ишкерлерди мамлекет колдоого кызыкдар экенине ишендирди.

«Ишкерлер электр энергиясын иштеп чыккан станцияларды курабыз деп жерлерди алып алышкан. Анан курулуш иштерин баштайын дегенде эле бир топ көйгөйлөр жаралып жатканы белгилүү болду. Мисалы, жер маселеси, Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары министрлигинен, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан бир канча тоскоолдуктар жаралып жатат. Ошондуктан бүгүн бул мекемелердин өкүлдөрүн, ишкерлердин баарын чогултуп, көйгөйүн жана сунуштарын уктум. Ошондой эле «эгер мыйзамга өзгөртүү керек болсо, карайлы» деп, Жогорку Кеңештин депутаты олтурат. Акчасын кантип төлөөнү көрсөтүү үчүн фонддордун өкүлдөрү отурат. Эми ар бир инвесторго мыйзам чегинде жардам берилет».

Министрлер кабинети акыркы убакта энергия алуунун жаңы булактарын жайылтууга көңүл бурууда. 31-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясына катышып, быйыл 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экендигин айткан.

Ушул күндөрү өлкөдө жеке ишкерлер энергия алуунун жаңы булактарын иштеп чыгууга басым жасап жатышат. Алсак, өткөн жылдын август айында Баткен районундагы Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирген.

Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10 мВт болгон, сметалык баасы 7 млн долларды түзгөн ГЭС жеке ишкер тарабынан курулган. Мындан сырткары былтыр Энергетика министрлиги энергия алуу реестерине киргизүү боюнча 136 күбөлүк берген.

Алардын ичинен 6 компания курулуш иштерин туруктуу жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM