Биз менен байланышыңыз

«Кылмыш санынын көбөйүшүнө жашырып коюулар жокко чыгарылганы себеп»

Коом , Саясат | 31 Янв 2023 | 745 | 0

Бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев башкы көзөмөл органынын 2022-жылда аткарган иштери тууралуу баяндама жасады. Ал негизинен статистикалык маалыматтар, тагыраагы, кылмыш менен күрөшүүдөгү сандар менен гана чектелди. Мындан сырткары өлкөдө болуп өткөн чуулуу окуялар боюнча да комментарий берди. 

Өткөн жылы өлкөдө кылмыштуулук 19,4%га өскөн. Тактап айтканда, 2022-жылы 45 миң 96 кылмыш иши катталган. Анын ичинен 4 миң 997 иш оор жана өзгөчө оор категорияга кирет.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирип, буларга токтолду:

«Жасалган кылмыштардын 42 пайызынын бети ачылган. Жалпысынан алганда, кылмыштуулук 2021-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга өскөн. Муну кылмыштарды каттоо тартибинин жана прокурордук көзөмөлдүн күчөтүлгөнү менен түшүндүрсө болот. Анын негизинде жасалган кылмыштарды укук коргоо органдары тарабынан жаап-жашыруу фактылары жокко чыгарылууда».

Зулушев кошумчалагандай, 34 миң 994 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, 10 миң 481 иш соттук кароого жиберилген.

Ал эми тергөө органдарына 19 миң 735 жазуу түрүндө көрсөтмө берилип, укук коргоо органдарынын 771 кызматкерине тартиптик чара көрүлгөн.

Мындан сырткары башкы прокурор былтыр аялдарга жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 6 580 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз.

Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937си өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган, 781 иш тергелип жатат.

Коомчулуктун жана мамлекеттин көңүл чордонунда турган маселе Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу да сөз болду.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кылмыш ишинин алкагында тергөө тобу түзүлгөнүн айтып, чек ара маселесинде көп нерсе ачыкталбасын билдирди.

«Аскер прокуратурасы бүгүнкү күндө тергеп жатат. Бизге мүмкүн болгон тиешелүү жарандар суралган. Бирок күнөөлүү тарап башка өлкөнүн жарандары болгондуктан жоопко тартууда чоң маселе жаратат. Андыктан мен ушул жооп менен гана чектелем».

Буга чейин Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу «тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен иш козголгон.

Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Алтымыштан ашуун кыргыз жараны көз жумган.

Акыркы кезде коомчулукту нааразы кылган маселе «Азаттык медиа» сайтынын бөгөттөлүшү болгон. Башкы прокурор «Азаттык» радиосунун айланасындагы иштер боюнча да суроого мындай жооп берди:

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медианын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү боюнча прокуратура сотто кайсы бир тарап катары катышпагандыктан комментарий бере албайм. Эгерде мыйзамсыз иштер болуп жатканы тууралуу кайрылуу болсо, прокуратура текшерет».

Былтыр 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтына жарыяланган кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видеоматериал негиз болгону маалымдалган.

«Азаттык» бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирип, министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки отурум 17-февралга белгиленген.

Жыйында курулуш компаниялары тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуулар да козголуп, жарандар акчасын берип, батир ала албай жатканы айтылды.

Зулушевдин айтымында, курулуш компаниялары жерди мыйзамсыз сатып алып, үйлөрдү мыйзамсыз куруп жатышат.

«Бул жерлерди биз мамлекетке кайтарып жатабыз. Прокуратура 3,5 миң гектарга жакын жерди кайтарып берди. Үйлөр курулган жерлер бар, бул фактылар боюнча маселе чечилип жатат, анткени адамдар ал жакта жашап жатышат. Биз маселени объективдүү жана мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылып жатабыз.

Ошондой эле каржы пирамидалар менен байланышкан кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат. Мисалы, «Ихсан групп», «Береке групп», «Ансар групп», «Туракжай», «Финка», «ОК Платформа» курулуш компаниялары менен байланышкан кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүүдө».

Башкы прокурор быйылкы жылга план-программа кабыл алынып, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга бардык аракет көрүлөрүн белгиледи. Мындан сырткары ар бир жарандын маселесин угуп, мыйзам чегинде чечерин, ар бейшемби күндөрү кабыл алганга даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM