Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Мирзиёевдин тар курамдагы сүйлөшүүлөрү башталды

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 372 | 0

Бүгүн, 27-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуусу башталды.

Эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди. Президенттердин өз ара саламдашуусунан кийин Өзбекстан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Шавкат Мирзиёев 26-январда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары менен келди. Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган. Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулуп, президенттер биргелешкен билдирүү жасайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM