Биз менен байланышыңыз

Депутаттар тобу Баткенде жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 308 | 0

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобу Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрөт. Эки күнгө созула турган көчмө жыйынга Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттык топтун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Тазабек Икрамов, Чыңгыз Ажибаев, Максатбек Сарбагышев жана Нурлан Ражабалиев катышууда.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин тиешелүү өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер бар.

Алгач облустагы айылдарды кыдырып, маселелер менен таанышып, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү талкуулашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM