Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек бизнес форумунун Кыргызстанга болгон таасири

Саясат , Экономика | 26 Янв 2023 | 748 | 0

Бүгүн, 26-январда Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү. Бул иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкектеги 26-27 январдагы мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулду. Сапардын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баш болгон бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

Бизнес форумда 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн бетме-бет жолугушууларды да өткөрүштү.

Кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында текстиль, өндүрүш, агроөнөр жай, азык-түлүк, энергетика, туризм жана башка тармактар боюнча кызматташуу макулдашылды.

Кыргызстандык ишкер Эрлист Акунбеков форумдун алкагында Кыргызстандын аймагында эки завод куруу келишимине кол коюлганын айтты.

«20 млн долларга карбид жана кальций өндүрүү заводун куруу жана Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрүнү экспорттоо боюнча 100 млн долларлык келишимге кол койдук. Көлөмү 200 миң тоннанын тегерегинде болот.

Заводдун курулушу эки жылда бүтөт. Курулуштун алкагында 700дөй адам иш менен камсыз болот. Ал эми курулуш иштери бүткөн соң 300 адам ишке алынат».

Өзбекстандан келген ишкер Анвар Абдукаюмов жергиликтүү ишкерлердин бизнеске болгон кызыгуусу кыйла өскөнүн, бул өтө жакшы көрүнүш экенин белгиледи. Бүгүнкүдөй иш-чаралар эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүгө чоң таасирин тийгизет.

«Эки тарап тең соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, жаңы деңгээлге чыгарууну каалап жатканын көрүп, аябай кубандым. Биздин бийлик өкүлдөрү белгилегендей, келечектеги стратегия Өзбекстан менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүн 2 млрд долларга чейин көбөйтүү болуп жатат».

Форумдун алкагында Кыргызстанда эт, сүт, картошканы кайра иштетүү жана балык азыктарын өндүрүү боюнча жаңы агроөнөр жай ишканасы ачылары айтылды.

Өзбекстанда аталган продукцияларга суроо-талап жогору болгондуктан, агроөнөр жай комплексинин бул багыттарын да каржылоого даярдык көрүлүп жатканы кабарланды.

Мындан сырткары Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалып жатканы жөнүндө сөз болду.

Ишкананын курулушу Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери үчүн онлайн-платформа түзүлүп, анда биргелешкен долбоорлордун бизнес-пландары жеткиликтүү болору, онлайн-платформа потенциалдуу өнөктөштөрдү издөөгө да мүмкүнчүлүк берери кабарланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров форумда сөз сүйлөп жатып, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өскөнүн, былтыр 11 айда бул көрсөткүч 543 миллион доллардан ашканын айтты.

«Мурдагы жылга салыштырмалуу соода алака 21%га өстү. Албетте бул стратегиялык өнөктөштөрдүн эки тараптуу соода-сатыгынын чеги эмес. Жакынкы аралыкта биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү миллиарддаган көрсөткүчкө жетет деп үмүттөнөм. Бул жерде эки мамлекеттин ишкерлеринин ролу чоң. Биз өндүрүүчүлөр, соода палаталары жана башка ишкер ассоциациялар ортосундагы байланышты чыңдашыбыз керек. Муну менен катар кызматташуунун натыйжалуу ыкмаларын түзүү, бюрократияны азайтуу, бизнес-чөйрөдөгү түз карым-катнашты өнүктүрүү, товарлардын жана инвестициялардын эркин кыймылын камсыздоо маанилүү».

Кыргызстан менен Өзбекстан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн алып келинген товарларды бири-биринен алууну пландап жатат.

Өзбекстандын президентинин аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков Өзбекстан жылына Кыргызстандан 500 миллион долларга товар алса, Кыргызстан коңшу өлкөдөн 800 миллион долларлык товар алып келерин белгиледи.

Ал Өзбекстандан цементти, айыл чарба продукциясын жана көмүрдү импорттоо тууралуу сөз болуп жатканын айткан. Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга жер семирткич, дары-дармек, текстиль продукциясын жана башкаларды экспорттой алат.

«2016-жылдан бери товар жүгүртүү 7 эсе, биргелешкен ишканалар 8 эсе өстү. Бирок бул көрсөткүчтөр бизде болгон потенциалдан таптакыр алыс. Биз өз ара соода көлөмүнүн эселеп өсүшүн камсыздай алабыз. Бүгүнкү күндө жаңы чакырыктар жана тобокелдиктер пайда болууда. Мындай шартта биз бири-бирибизге, бир тууган элдерге жана кошуналарга колдоо көрсөтүшүбүз керек».

Өзбекстандын энергетика министри Жорабек Мирзамахмудов Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан республикалары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун биргеликте ишке ашырууну макулдашканын эске салып, эми долбоорду ишке ашырууга аракеттер көрүлө баштай турганына токтолду.

«Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча биз кол койгон жол картасына ылайык, алгач өкмөттөр аралык макулдашуу даярдалат, анын негизинде биргелешкен ишкана түзөбүз. Мындан кийин долбоорду иштеп чыгууну жана уюштурууну баштайбыз. Андан ары аны каржылоо жана куруу менен алектенебиз».

Бизнес-форумга эки мамлекеттен 500дөй өкүл катышты.

Иш-чара эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналары белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM