Биз менен байланышыңыз

Педофилдерди хирургиялык жол менен акталап салуу туурабы?

Коом , Саясат | 25 Янв 2023 | 875 | 0

«Педофилдерди хирургиялык жол менен акталап салуу жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоору депутат Улан Бакасов тарабынан иштелип чыккан. Ал зордук-зомбулуктун алдын алуу жана педофилдерге жазаны катаалдатууну көздөйт. 

Эреже боюнча мыйзам долбоору комитеттерде жана кийин парламенттин жалпы жыйынында үч окуудан өтүп, президент кол койгондо гана күчүнө кирет. Чечимди айрымдар колдосо, кээ бири каршылыгын билдирүүдө.

Мыйзам долбоорунун жол-жобосуна, депутаттардын жана адистердин пикирлерине алдыда кененирээк токтолобуз. 

Башкы прокуратуранын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, анын бири тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмышты жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат. 2021-жылы бул берене боюнча 49, 2020-жылы 17, 2019-жылы 53, 2018-жылы 52 кылмыш иши козголгон.

Депутат Улан Бакасов мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн жаза чараларын катаалдатууну караган мыйзам долбоорун сунуштады. Демилгечи кылмыш жообуна тартуу боюнча айрым кодекстерге өзгөртүү киргизүү керек экенин айтат.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, химиялык кастрация педофилдерге каршы эң жакшы тандоо эмес. Дары-дармек ар дайым эле иштей бербейт. Андыктан жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдар үчүн хирургиялык кастрация колдонуу керек. Хирургиялык кастрация – хирургиялык жол менен репродуктивдик органды алып салуу. Мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелердеги саламаттыкты сактоо органдарында өткөрүлөт».

Айрым депутаттар Бакасовдун сунушун сындап чыгышты. Көбү сунушталып жаткан ченем Конституцияга жана Кыргызстан кол койгон эл аралык макулдашууларга каршы келерин билдиришүүдө.

Депутат Дастанбек Жумабеков Башмыйзам боюнча адамдын ден соолугу кол тийгис экенин айтып, педофилдерди эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн узартууну караштырса болорун белгиледи.

«Мен бардык нерсенин мыйзамдуу болушун каалайм. Мыйзамды сыйлоо керек. 25-беренеде «Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт» деп турат. Демек, адамдын 12 мүчөсү болсо, ага эч ким кол сала албайт. Жана да Башмыйзамда өлүм жазасына тыюу салынып калган. Бул мыйзам долбоорунда бычуу менен адамдын ден соолугуна кол салынып жатат. Туура эмес».

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова хирургиялык кастрация Польшада жана Нигерияда колдонуларын, бирок бул үчүн аталган өлкөлөр эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келатканын, сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы кастрация боюнча ченемди кайра иштеп чыгуу керек деп эсептей турганын айтты.

«Акыйкатчы институту катары айтып кетсем, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, эл аралык милдеттенмелерден чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Балдарды зордуктагандардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча концепцияны колдойбуз, бирок хирургиялык кастрация жолун жакшылап изилдөө, дагы тактоо керек деп эсептейбиз».

Буга чейин Кыргызстанда педофилдерди химиялык жол менен акталап салуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал демилгени президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган.

Юрист Эржан Кайыпов педофилдердин эң катаал жазага тартылуусун колдойт. Бирок өлкөдөгү тергөө жана сот системасы көп учурда калыс эмес, адилеттүү чечим чыгарбагандыгына байланыштуу бул жазага күнөөсүз жарандар да кабылып калышы мүмкүндүгүн эскертти.

«Бул чечим бир четинен эмоционалдык таасирден улам, экинчи жагынан популисттик максатта демилгеленген болушу мүмкүн. Биздин коом «педофилдерге боор тарткандар» жана «педофилдерге катаал жазаны колдогондор» деп экиге бөлүнүп жатат. Албетте катаал жаза киргизүү зарыл, боор тартпашы керек, бирок «Ошол жазага чындап айыптуу адам тартылабы же?» деген маселе бар».

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу сунушу парламентте буга чейин айтылып келген. Демилгени колдогондор бул көйгөй улуттук трагедияга айланганын, өлүм жазасы кылмыштын мындай түрүн токтоторун айтышса, ага каршылар акыйкаттык болбосун, себеби Кыргызстанда сот жана күч органдарынын иши таза эмес болгондуктан, өлүм жазасына карапайым адамдар гана тартылып, акчасы барлар пара берип кутулуп кетерин белгилешкен.

Кыргызстанда өлүм жазасы жок, жазанын эң жогорку чеги өмүр бою эркиндигинен ажыратуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM