Биз менен байланышыңыз

Быйыл салык кызматы кирешесин көбөйтүүнү пландоодо

Экономика | 24 Янв 2023 | 675 | 0

Өткөн жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 207 млрд сомдон ашык каражат жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов маалымат жыйында билдирди. Белгиленген план 3,7 млрд сомго ашык аткарылып, 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 63 млрд сомго көп чогултулду. Ошондой эле мекеме былтыр салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар боюнча да бир топ иштерди жүргүздү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901 млн 6 миң сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов былтыр белгиленген план 3,7 млрд сомго ашыкча аткарылганын билдирди. Ошондой эле ал өткөн жылы салык төлөөчүлөргө кандай шарттар түзүлгөнүн маалымдады.

«Анын ичинен 156 млрд 338,3 млн сому салык жыйымдары. План 729,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 147,9 %). Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 51 млрд 563,3 млн сомду түзүп, 3 млрд 18,3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 млрд 184,7 млн сомго көп (өсүү ыргагы 134,4 %). Мындай көлөм салыктык башкарууну жакшыртуу, ишкерлерди онлайн тейлөөгө которуу боюнча иштердин аркасында жетишилген. «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, мындан тышкары бизнести көмүскөдөн чыгаруу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча жүргүзүлгөн рейддер да оң таасир эткен».

Аталган мекеменин директорунун орун басары Адилет Дубанаев электрондук коштомо кагаздардын ишкерлер үчүн пайдасы чоң экенин айтат.

Дубанаев бул долбоорго каршы чыккандар мыйзамсыз иш алып барган ишкерлер деген пикирде. Себеби электрондук коштомо кагазды колдонуу бизнес ээлери үчүн да маанилүү экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин бир топ соодагер коштомо кагазды колдонууга каршы нааразылык акциясына чыккан.

«Электрондук коштомо кагаздардын бизнес үчүн жакшы жери өзүнүн жүргүзүп жатканын бизнесин автоматизация кылууга жардам берет. Айына канча товар алып, канча товар сатылганын карап турса болот. Чакан бизнес үчүн жакшы жери өзүнчө учеттук бухгалтердик система сатып албай, биздин системанын аналитикасы менен жакынкы арада колдонуп баштаса болот. Мындан сырткары алып жаткан товар мыйзамдуу түрдө өндүрүлгөнүн же мыйзамдуу түрдө Кыргызстанга киргенин билсе болот. Кайсы жерде жасалган, сертификаты барбы, аны да билсе болот. Буга каршы чыгып жаткан бизнес ээлери мыйзамдаштырылбаган товарды көрсөткүсү келбегендер десе болот».

Салык кызматы билдиргендей, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, алардын өндүрүшүн чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган Жаңы салык кодекси да оң таасирин тийгизди.

Жетекчинин дагы бир орун басары Нурлан Умтулов жаңы салык кодексинде ишкерлер үчүн каралган жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

«Азыркы учурда товар жүгүртүү 30 млн сомго чейин болуп жатат. Жаңы долбоорго ылайык, мындай талап алынат. Жаңы долбоор ишке кирсе, орто бизнес бул талапка карабай иштей берсе болот. Бул бизнес ээлери үчүн жеңилдик катары каралган. Мындан сырткары жаңы бизнес баштагандар үчүн 5 жылдык жеңилдик берилип жатат. Бул да ишкерлер үчүн жагымдуу шарт. Негизи эле жаңы долбоордо ишкерлер үчүн жеңилдиктер көп каралып, керектүү шарттар да түзүлгөн».

Быйыл Мамлекеттик салык кызматына 248 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо планы коюлду. Анын ичинен салык боюнча 196 млрд сом, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 51 млрд сом чогултуу пландалууда.

Мындан сырткары мекеме электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууну өнүктүрүү максатында иштерди аткарат. Ошондой эле мүлк салыгын төлөөнү автоматташтыруу ишин жакшыртуу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM