Биз менен байланышыңыз

Электр бөлүштүргөн ортомчу компаниялар кыскарды. Эмне өзгөрөт?

Коом , Саясат | 23 Янв 2023 | 1254 | 0

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен электр энергиясын бөлүштүргөн ортомчу компаниялардын саны кыскарганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жоюу иштери уланууда.

Жеке компаниялар Бишкектин дээрлик бардык жаңы конушун электр энергиясы менен камсыздайт. Эми мындай реформадан улам жарандарды жылуулук жана жарык менен камсыз кылууда маселелер жаралбайбы?

Электр энергиясын бөлүштүргөн ортомчу компаниялар – бул мамлекеттик түзүмдөр менен абоненттердин ортосунда жарыкты бөлүштүргөн ишканалар.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кайсы компаниялар ортомчулук кылууну токтоторун белгилеген эмес.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Абайылда Адылбек уулу жеке бөлүштүрүүчү ишканалар жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, Энергетика министрлигинин буйругу менен бекитилген жаңы ыкмаларга ылайык, 2022-жылдын 1-декабрында калган жеке бөлүштүрүүчү ишканаларга белгиленген тарифтер баланста жана менчикте турган электр жабдууларды тейлөөгө кеткен чыгымдарды эске алуу менен каралган.

«12 компания боюнча электр энергиясынын орточо тарифи 1,50 сом/кВтс түздү (салыктарды эсепке албаганда), анын ичинде, сатып алуу – 1,27 сом/кВтс, жеткирүү – 0,23 сом/кВтс түздү.

Белгилей кетчү нерсе, сатып алуучу тарифтин көлөмүнө калктын керектөө үлүшү таасир этет, башкача айтканда, канчалык калктын керектөө көлөмү көп болсо, сатып алуучу тарифтин ченеми да төмөн болот. Эске салсак, калк үчүн тарифтер өндүрүштүк керектөөчүлөргө салыштырмалуу өтө төмөн».

Электр энергияны бөлүштүрүүчү жеке компаниялар «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердин коомуна бириктирилди. Аталган компаниянын Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында кеңселери бар, 16 компанияны ошол кеңселерине өткөрүп берүү менен жеке компаниялардын саны 28ден 12ге кыскарды.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев жеке компаниялар «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердин коомуна өткөрүп берилгенин пайдалуу деп эсептейт. Анткени буга чейин аталган коом өз алдынча өнүгүп, бөлүштүрүүчү компанияларга көңүл бурулбай келген. Эми болсо электр энергия түйүндөрү, көмөкчордондор чогуу курулуп өнүгөт.

«Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик акционердик коомдорго гана тиешелүү болду. Электр энергияны бөлүштүрүүчү 12 жеке компания ошол бойдон калды. Алар жабылган жок, кыскасы, мурдагы бойдон иштеп жатат. Ошондуктан техникалык тараптан бири-бири менен кызматташуу жагынан кыйла эле жакшы кадам болду».

Энергетика боюнча дагы бир серепчи Эрнест Карыбеков ортомчу компаниялар жалпы энергосистемага таасирин тийгизбей турганын түшүндүрдү. Мындан улам жеке компаниялардын кыскарганы туура чечим болгонун белгиледи. Мындан тышкары калган 12 ортомчу компаниянын баарын мамлекет бириктирип, улутташтыруу керектигин сунуштады. Себеби ортомчу компаниялар менен тиешелүү мамлекеттик органдар коррупциялык иштер аныкталып жатканын эске салып, өкмөт тариф жана энергетикадагы саясатты натыйжалуу башкарышы керектигине токтолду.

«Баарын улутташтыруу зарыл. Себеби бириктиргенде башкармалык кыскарат, ортомчулар жок болот. Бул жакта башкаларга бере берип туура эмес саясат жүрүп кеткен. Анан эле «тарифти көтөрөбүз» деп мамлекет, өкмөт жар салып калат. А эгерде мамлекет мурун эле өзү башкарып, жеке компанияларды алдоо жолу менен «калп эле» төлөттүрбөсө, ошолор алып жаткан кирешелердин баары мамлекеттик бюджетке түшмөк. Ал эми азыр тарифти көтөрүү маселеси жаралмак эмес».

2013-жылы жеке ортомчу компаниялардын саны 17 деп эсептелген. Бөлүштүрүү компаниялары 2001-жылы өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартуу максатында ачыла баштаган. 2022-жылга карата 28 компания иштеп жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM