Биз менен байланышыңыз

«Барсбек каган» тарыхый тасмасын тартууга даярдык башталды

«Барсбек каган» аттуу тарыхый тасма тартууга даярдык башталганы жарыяланды. Айтылган тасма жана аны тартуу иштери, дагы башка көптөгөн маселелер тууралуу фильмдин башкы продюсери Нурлан Мамакеев менен «Марал» радиосунун «Жаңы дем» программасында маектештик.

— Нурлан мырза, саламатсызбы? «Барсбек каган» аттуу тарыхый тасма тартканы жатыпсыздар. Даярдыктар кандай болууда?

— Саламатсыздарбы? Кыргызстанда көптөн бери боло элек чоң масштабдуу долбоор башталды. Үч жыл мурун белгилүү ишкер мырза менен кыргызды шыктанта турган, атуулдук, мекенчилдик сезимин ойгото турган көркөм тасма жаратуу боюнча сүйлөшкөнбүз. Анан «кыргыз каганаты, кыргыз мамлекеттүүлүгү, байыркы кыргыз дөөлөтү» деген темалардын айланасында ой жоруп, чоң тасма жаратууга токтолдук. Алгачкы иш изилдөөдөн башталды. Учурдан пайдаланып, тарыхчыларыбызга, тарых изилдөөчүлөрүбүзгө ырахматымды айта кетейин. Алар өздөрүнүн материалдарын жөнөтүп жатышты. Андан тышкары өзүбүз да көптөгөн китептерди, илимий, тарыхый булактарды окуп чыктык. Кыргыз киносунун тарыхында буга чейин болуп көрбөгөн чоң көлөмдөгү изилдөө болду. Тагыраагы, бул жаатта элүүдөн ашык этнограф, тарыхчы, санжырачы, манасчы иш алып барды. Андан тышкары археологдор, тажрыйбалуу режиссёрлор, кеңешчилер жардам берип жатышат. Эң негизгиси, башкы каарманы кыргыз, режиссёру да кыргыз, сценарийин да кыргыздар жазууда. Ошол эле учурда Голливуддан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн да чебер актёр-актрисалар, кино ишмерлери чакырылды. Дагы бир айта кетерибиз, Токмок шаарынан чоң имарат бөлүнүп берилди. Ал жерде буга чейин Орто Азияда курулбаган 60 миң чарчы метр кинопавильон салынып жатат.

— Байыркы доорду изилдөө, ал доорду тасмага чагылдыруу оңойго турбаса керек…  

— Туура айтасыз, VIII кылымда жашап өткөн тарыхый инсандын өмүр жолун, ал жашаган доорду изилдөө өтө оор болду. Бактыга жараша, тарыхтан кабары бар, жашоосун, өмүрүн изилдөөгө арнаган жакшы инсандар табылды. Археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде Орусиянын чоң музейинен ошол доорго таандык делген курал-жарактар, шаймандар, үй-тиричилик буюм-тайымдары табылган экен.

— Баса, тасманын сценарийин жазууда кайсы өлкөнүн архиви көбүрөөк пайдаланылды? 

— Бир эле өлкөнүн архиви деп айтуу кыйын. Өмүрүнүн  көп бөлүгүн ушул тармакка арнаган адамдар укмуш  маалыматтарды айтып бергенде, бир нерсени түшүндүм: маселен, Америка эмне тартарын билбей оюнан чыгарып, фантастика жанрындагы фильмдерди тарта баштады. А бизде былк этпеген чоң казына бар экен. Анын негизинде сонун сериалдарды, тасмаларды жаратсак болот экен. Бул — албетте, көркөм тасма. Бирок, биз 90% фактыларга таянып тартабыз. Мамлекеттин, элдин алдында чоң жоопкерчилик да. Ошол үчүн туура, так маалымат менен тартуу керек.

— Актёр-актрисаларга кастинг жарыяландыбы? Барсбек кагандын ролун жарата турган актёрду тандоодо кандай талаптар коюлат?

— Азыр кастинг жүрүүдө. Себеби тасмада абдан көп ролдор, эпизоддор болот. Ошондой эле, жаш, курагына таптакыр чектөө  койгон жокпуз. Анткени, кино өтө масштабдуу. Экинчи суроо боюнча айтсам, Барсбек каган кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдаган өлкө жетекчиси, элин коргогон баатыр болгон. Тандалган адам эң ириде башкы каармандын образын бардык тарабынан ачып бере ала турган мыкты актёр болушу керек.

— Тасманын бет ачарын кайсыл убакка болжолдоп жатасыздар? 

— Бизге мөөнөт жагынан чектөө коюлган жок. Эң башкы талап: сапат. Тартуу иштери качан башталары да белгисиз.  Иш башталса, эки жылдын ичинде тартылып бүтөрүн болжоп жатабыз. Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, ушул тасманы тартуу үчүн атайын шаар салынат. Учурда ылайыктуу жер издеп жатабыз. Чет өлкөдөн туристтер келгенде да алып бара тургандай, тасма тартылып бүткөндөн кийин да башка долбоорлор үчүн пайдаланса боло тургандай, кыскасы, тарыхта кала тургандай этнокомплекс курууну максат кылдык.

— Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!Мыкты тарыхый тасма болсун.    

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM