Connect with us

Мамлекеттик кызматкерлерге он үчүнчү эмгек акы жыл аягында берилет

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 6986 | 3

Мамлекеттик кызматкерлерге квартал сайын бериле турган сый акынын убактылуу токтотулушу абадан коргонуучу аскердик техникаларды сатып алууга байланыштуу болду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазгандай, Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөргө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген сый акы коопсуздукту бекемдөөгө салым катары кошулууда.

«Буга чейин абадан коргонуучу «Байрактар», «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» өңдүү заманбап аскерий техникалар сатып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот.

Андыктан айрым кесиптештердин «премия кыркылды» деп таарынганы орунсуз. Ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт», — деп жазды Орунбеков.

Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн жыл сайын берилип келген он үчүнчү эмгек акы жоюлбаганын айтып, жыл аягында аны менен кошо сыйлык акчалар да берилерин кошумчалады.

3 пикир

3 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM