Connect with us

Караколдун төрөт үйүндө эки аптада 6 ымыркай чарчап калган

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 837 | 0

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жыл башынан бери алты ымыркай чарчап калган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мекеме тез арада перинатология боюнча алдыңкы адистердин курамынан турган комиссия түзүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жөнөткөн.

Акыркы учур 15-январда катталып, оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган.

«Азыркы тапта комиссия мүчөлөрү тарабынан перинаталдык өлүмдүн бардык учурлары талданууда. Жакынкы арада бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча Ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чаралар үчүн жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлүүдө. Керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул жагдай Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM