Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыккан, бирок толук жана акыркы эмес версиясын сунуштады. Мекеме атайын жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарын жана эскертмелерин эске алгандан кийинки документтин долбоорун аталган топтун мүчөлөрүнө жөнөткөн.
Мыйзам долбоорунун жаңы версиясында массалык коммуникациялар, маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган интернет басылмалардын, блогерлердин реестрин түзөт. Ага социалдык түйүндөрдө 5 миңден ашык киши жазылган баракчалар да катталат жана алар тараткан кабарлар да аталган мыйзам менен көзөмөлгө алынары көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбоору медиа өкүлдөрү жана эксперттердин бир топ нааразычылыгын жаратып, мындай нерсе эл аралык нормаларга каршы келе турганын айтышууда.
Мыйзам долбоорунун иштелип чыккан жана азыркы тапта сунушталып жаткан версиясында социалдык түйүндөрдө 5 миңден ашык киши жазылган баракчалар да катталары жана алар тараткан кабарлар аталган мыйзам менен көзөмөлгө алынары көрсөтүлгөн.
Мындай нерсе коомчулуктун бир топ нааразычылыгын жаратууда.
Медиаэксперт, юрист Ахмат Алагушев аталган көрсөтмөнү такыр туура эмес деп эсептейт. Себеби социалык түйүндөрдөгү блогерлер ЖМКга тиешелүү мыйзамдарына баш ийбеш керек.
Блогер өз алдынча иш алып барып жатканы үчүн жана анын эртеңки тагдыры белгисиз болгону, катталуучулардын саны да эртең өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон үчүн аларды мыйзам аркылуу чектеп коюуну туура көрбөйт.
Мындан сырткары ал эгер мыйзам долбоору ушул бойдон кабыл алынып, блогерлер көзөмөлгө алына турган болсо, мындай аракет өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон чектөө катары баалана турганын эскертип коңшу өлкөлөрдү мисал келтирди.
“Коңшу жана чет мамлекеттердин практикасын карап көрсөк, мисалы, Батыш, Европа өлкөлөрүн, Орусияда, Казакстанда мындай нерсе жок. Ошондуктан биз өзүбүздүн пикирибизди, каршылыгыбызды айтабыз. Блогерлер ЖМК мыйзамына кирбеши керек”.
«Медиа полиси институту» коомдук фондунун өкүлү Нурбек Сыдыков башмыйзамда ар бир жаранга эркин сүйлөөгө жана эркин ой жүгүртүүгө укук берилгенин, бул мыйзам долбооруна тиешелүү бир да берене жоктугун эске салып, эгер ал кабыл алынып калса, башмыйзамга толугу менен каршы келерин белгиледи.
“Менин оюмча, бул нерсе баш мыйзамга каршы келет. Бул көрсөтмөгө эмне негиз болгонун, эмнеге блогерлер сөзсүз түрдө каттоого алынышы керектигин дагы эле түшүнө элекпиз. Себеби бүгүнкү күндө блогерди жоопко тартуу жол-жоболору бар. Мисалы эгерде блогер туура эмес сөздөрдү сүйлөсө, туура эмес маалыматты жайылтса кылмыш жоопкерчилигине тарта турганга чейин механимдери бар. Ошондуктан бул нерсе түшүнүксүз болуп турат”.
Ал эми президенттин администрациясынын басма сөз катчысы Айнура Эргешова “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу аягына чыга электигин билдирди.
Учурда ал коомчулукка аталган мыйзам долбоорунун акыркы варианты катары жаңылыш сунушталып жатканын белгиледи.
“Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу аягына чыга электигин билдирет. Тийиштүү иш тобу мыйзам долбоорун кароодо. Андыктан, “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору толук даяр боло электигин, сунуш-пикирлер кабыл алынарын белгилейбиз”.
Президенттик администрация 2022-жылдын 28-сентябрында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.
Кийинчирээк коомдук уюмдардын адистери, талдоочулар жана медиа-эксперттер мыйзам долбоордо бир катар эл аралык нормалар бузулганын, ал көз карандысыз ЖМКларды жабууга алып келиши мүмкүндүгүн белгилешкен.
Былтыр 15-ноябрда өткөн жыйында президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон. Комиссиянын курамы 7-декабрда бекитилген. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.