Биз менен байланышыңыз

Ырчы Бегимай Бекбоева каза болду

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 2137 | 0

Эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева 32 жашында каза болду. Бул тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров билдирди. Анын айтуусунда, Бекбоева 17-январга караган түнү жүрөгү кармап калган.

Анын сөөгүн бүгүн Кочкорго алып кетишет. Ырчынын артында 3 жаштагы баласы калды.

Бала кезинен сахнага чыга баштаган ырчы, белгилүү актер жана куудулдар Токтор Бекбоев менен Жаңыл Кудайбергенованын кызы. Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарын облусунда туулган.

Белгилей кетсек, ырчы 2019 -жылы башынан шишик алдырганын билдирген. “Марал” радиосунун эмгек жамааты ырчынын үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM