Биз менен байланышыңыз

Уюшкан кылмыштуу топторго карата жаза күчөтүлөт

Коом , Саясат | 16 Янв 2023 | 504 | 0

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү сунушталууда. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, министрлик уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Мындан сырткары бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерине жана мүчөлөрүнө тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктөрдү, кылмыштык киреше булактарын жана каржылаган адамдарды аныктоо максатында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Учурда Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү турат. 

Өткөн жылы ар кандай кылмыштуулук боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аталган топтун издөөдө жүргөн 9 мүчөсү кармалган. Жалпы кармалгандардын 17синин криминалдык чөйрөдө өзгөчө статусу бар.

«Уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерине жана мүчөлөрүнө тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктөрдү, автоунааларды, акча каражаттарды жана чарбалык обьектилерди изилдөө, кылмыштык киреше булактарын жана ошондой эле каржылаган адамдарды аныктоо максатында атайын иш-мерчемдер түзүлүп, комплекстүү иштер жүргүзүлүп, бардык күч-аракеттер жумшалып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 12 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыш фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 субъектилери кармалып, кылмыш жообуна тартылууда».

Министрдин орун басары мекеме тарабынан уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү максатын көздөйт.

«Анда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт, ырайым берилбейт жана бир катар өзгөрүүлөр болот. Азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат, жакында документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Анда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө мыйзам бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүү, соттолгон мүчөлөрүн амнистиядан ажыратуу сыяктуу толуктоолор сунушталууда».

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кылмыштуу чөйрөдө өз ара тирешүү болуп, анын натыйжасында коомго резонанс жараткан окуялар катталууда.

Мындай окуялардын бирине токтолсок, 13-январда Ош шаарында белгисиз адамдар тобу бир кишини арматура менен аеосуз сабап кеткен.

Нурбек Абдиевдин айтымында, кармалгандардын баары мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жабыркаган жана каза болгон жаран да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Бул иш боюнча алгач «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Абдиев айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жатканы тууралуу министрликте маалыматтар бар экенин айтты.

«12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл «Женго» кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Ал эми 13-январда издөө салынган 2 жаран 14-январда Чүй облусунун аймагынан кармалган. Ошол эле күнү дагы бир шектүү Ош облусунун аймагынан кармалган».

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылдын 12 айында кылмыштардын бирдиктүү реестрине 45 миң 392 кылмыш иши катталган. Жалпы өндүрүштөгү кылмыш иштеринин ичинен 29 миң 486 кылмыштын бети ачылып, 19 миң 529 иш сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле ички иштер органдарына 243 миң 497 кылмыштар жана окуялар тууралуу арыз түшкөн.

Анын ичинен 45 миң 392си боюнча кылмыш иши козголуп, 147 миң 647 кылмыш боюнча иш козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Кылмыш ишин козгоодон баш тартуунун басымдуу бөлүгү мезгилсиз өлүм, майда бейбаштык, материалдык чыгым жана жол кырсыктары сыяктуу фактылар болуп эсептелет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM