Connect with us

Кесиптик лицейлерге толук эркиндик берүү кайра сунушталды

Саясат | 13 Янв 2023 | 1076 | 0

Жогорку Кеңештин «Альянс»фракциясынын жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, тактап айтканда, Бюджет кодексине, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Жанар Акаев баштаган депутаттар кесиптик окуу жайларына каржылык эркиндик бере турган бул долбоорду кайрадан карашты. Мыйзам кабыл алынып, кесиптик лицейлерге каржылык эркиндик берилсе, көз карандылыктан чыгып кетиши мүмкүн экени айтылууда. Мыйзам долбооруна буга чейин Финансы министрлиги каршы болуп келген.

«Альянс» парламенттик фракциясы кесиптик окуу жайларга каржылык эркиндик берүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Демилгечилердин бири Жанар Акаев белгилегендей, сунушталган мыйзам долбоору кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын ишмердигинде ийкемдүү системаны түзүүгө, кесиптик билим берүү уюмдарынын финасылык өз алдынчалыгын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталып, билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр болушу күтүлөт. Ал эми бюджеттик мыйзамдардын колдонуудагы ченемдеринин учурдагы конфигурациясын пайдаланганда кесиптик-техникалык окуу жайлардын коюлган максаттарына жетиши мүмкүн эмес.

«Бул мыйзам долбоорунда камтылган өзгөртүүлөр аркылуу түзүлө турган системада мамлекеттик бюджетке кесиптик билим берүү жагынан келүүчү социалдык жүктөм бара-бара азаят. Кесиптик-техникалык окуу жайлар өнүгүшү үчүн өздөрү иштеп таба баштайт, өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртат, окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттен каражаттар коротулбайт».

Талкуу маалында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева министрлик эмнеден улам каршы болуп келгендигин мындайча түшүндүрдү.

«Бул жерде министрликтин эң негизги каршы болгон нерсеси казыналык системадан алып салуу болуп жатат. Биз казыналык системадан албай эле ошол жерде калып, атайын эсепти ачууну сунуштап жатабыз. Окуу жана илим изилдөө мекемелеринин окуу-өндүрүштүк ишинен түшкөн кирешелер деген бөлүм кирип жатат. Атайын эсептин негизинде кесиптик окуу жайлардын өздөрүнө каражаттары кала турган болуп жатат. Эгерде системадан чыга турган болсо, анда кесиптик лицейлер Каржы министрлигинен эч кандай акча албайт. Биз баарына макул болуп жатабыз, кайсы беренелерге өзгөртүү киргизүү керектиги боюнча өзүбүздүн сунуштарды бергенбиз. Биздин сунуштардын негизинде лицейлер ситемада болот, бирок бул акчанын баары атайын эсептин негизинде ошол кесиптик лицейлерде калат».

Экономист Искендер Шаршеев билим берүү тармагы да бизнестин бир түрүнө кирерин, каржысы өлкөнүн бюджетинен көз каранды болсо, акчасы өз убагында бөлүнбөй, окуу жайлар башка лицейлер менен атаандаша албай иши токтоп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан ал мындай окуу жайларга кандайдыр бир деңгээлде көз карандысыздык зарылдыгын айтты.

«Окуу жана өндүрүштүк комплекстерди алсак, ал жакта бизнестегидей эле болот. Бизнес жүрүп жатканда тез-тез чечимдерди чыгаруу керек. Бир күн кечиксең, иштин баары токтоп калат. Атаандаштыкка орточо деңгээлде чыдабаса, анда мекеме иштебей калат. Ошондуктан мындай борборлор иштеши үчүн аларга кандайдыр бир деңгээлде көз карандысыздык керек. Аларга эсеп колдонууга мүмкүнчүлүк керек. Андан көрө ар бир колдонулган акча боюнча кийин аудит кылып, акчалар канчалык негиздүү жана негизсиз пайдаланганы боюнча жетекчини жоопкерчиликке тартууга болот. Ошондуктан окуу комплекстердин ишин жакшы алып баруу үчүн көз карандысыздык керек».

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу кесиптик билим берүү лицейлерине тапкан каражаттарын өздөрүн өнүктүрүүгө жумшоого уруксат берүүнү колдой тургандыгын билдирди.

«Акча тапса, ошол акчаны оперативдүү колдонгонго жумшаса деген мотив. Өлкөдө 100 кесиптик лицей бар. Алардын тапкан акчасы 115 млн 799 миң сом. Алар жыл башында 160 млн сом каражат табууну пландаган эле. Анын 50 миллионун таба алышкан жок. Кээ бир лицейлер акчаны салыштырмалуу табышты, бирок аймактагылар 100 миң сом да киреше табышкан жок. Эмне үчүн деп сураганыбызда бир катар барьерлер бар экенин айтышты. Акчаны оперативдүү алууга мүмкүнчүлүк жок, ошол эле учурда директорлордун да акча табууга шыгы жок. Ошондуктан биз эркиндикти берсек, ошол эле учурда эркиндик берүү менен каражаттарды табуу милдетин коюп, тапкан каражатын өздөрүн өнүктүрүүгө жумшоо менен бюджетке да кошумча жардам болмок».

Депутат Камила Талиева бүгүнкү күндө коомчулукта кесиптик билимге болгон талап өсүп жатканын белгилеп, аларга толук кандуу эркиндик берүүнү колдой турганын билдирди.

Кыргызстанда 100 кесиптик билим берүү лицейи бар. Тактап айтканда, 99 кесиптик лицей жана бир Токмоктогу колледж. Алардын ичинен алтоо абактарда жайгашкан. Аларга мамлекеттик бюджеттен 2022-жылы 1 млрд 523 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын 87%ы маянага кетсе, калган 13%ы окуу жайлардагы утурумдук чыгашаларды жабууга жумшалган. Кесиптик лицейлердин директорлору эгер каржылык эркиндик берилсе, өзүн-өзү каржылоого өтүүгө мүмкүн экенин айтышууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен жактырылды.

Copyright © 2017 Maral FM