Кыргызстанда былтыр март айынан бери тигүү ишканаларына Орусиядан буйрутма кылгандар кыйла көбөйгөнү байкалды.
Европалык кийим өндүрүүчүлөр Орусиядан чыгып кеткенден кийин тигүү продукциясын Кыргызстандан Орусияга жеткирүү көлөмү 170 миллион доллардан ашты. Бул былтыр тогуз айдын жыйынтыгы боюнча алынган көрсөткүчтөр.
Эксперттердин айтымында, кыргызстандык тигүүчүлөр европалык бренддердин ордун толтурууда.
Орусияда «Кыргызстанда жасалган» деген продукцияларды маркетплейстерден жана бренд дүкөндөрүнөн сатып алууга болот.
«Текстиль транс» компаниясынын башкы директорунун орун басары Айдар Эсенкожоев Орусияда Кыргызстандын кийим-кечектерине суроо-талаптын өсүп жатканын тастыктады.
Анын айтымында азыркы күндө Орусиядан көбүнчө атайын аскердик форма жана аскерлердин ички кийимдерин тигип берүү боюнча буйрутмалар көп келүүдө.
Ал Кыргызстандагы өндүрүмдүн 90% Орусияга экспорттолуп жатканын жана бардык товар “Кыргызстанда жасалган” деген этикетка менен жөнөтүлөрүн айтты.
“Этикеткалар бажы биримдигинин стандарттары боюнча жасалат. Эмне жана кандай талаптары болсо, анын баары этикеткаларга маркировкаланат. Кардар деп орус тараптын тийштүү маалыматтары жазылат, ал эми өндүрүшчү деп биздин компания көрсөтүлөт. Кыргызстанда өндүрүлгөнү сөзсүз түрдө белгиленет”.
Кыргызстандык «Cool Bro’s» тигүү фабрикасынын өкүлү Азимкул Жолдубаев белгилегендей, Орусияда Кыргызстанда тигилген мырзалардын, кыз-келиндердин жана жаш балдардын кийимдери чоң суроо-талапка ээ болууда.
Ал электрондук соодада Кыргызстандын товары 7-8%га өскөнүн жана бул темп дагы да жогорулай турганын кошумчалады.
“Мурдагы жыл менен былтыркы жылды салыштырсак, жеңил өнөр жайы ички дүң өнүмүнүн 28-37%ды түзүп жатат. Бүгүнкү күндө электрондук соодада Кыргызстандын товары 7-8%га көтөрүлдү. Жакынкы беш жылдыкта божомолубуз бар – бул темп дагы да өсөт. Ушундай жакшы жана натыйжалуу көрсөткүчтөргө алдыда жетебиз деген ишенич бар”.
Кыргызстандын жеңил өнөр жайы текстиль, тигүү жана булгаарыны иштетүү өнөр жайы болуп үч тармактан турат.
Булардын ичинен тигүү тармагы 80% үлүштү ээлейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы жеңил өнөр жайы 7 млрд. 346 млн. сомдук өндүрүм чыгарган. Анын 80% же 4 млрд. 800 млн. сомдук өндүрүм кийим-кечек товарына туура келет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр 10 айдын жыйынтыгы боюнча кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдар товардык эскпорттоонун көлөмү 118,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Стакомдун өкүлү Жылдыз Шеримбекова белгилеп, буларга токтолду:
“Негизинен эң көп аялдардын ич кийимдери – 16,5 млн долларга, трикотаж свитерлер, пуловерлер – 14,2 млн долларга, текстиль спорттук костюмдары – 12,2 млн долларга, аялдардын текстиль кийимдери – 11,1 млн долларга, аялдардын текстиль блузкалары – 9,2 млн долларга эскпорттолгон”.
Кыргызстанда жеңил өнөр жайы приоритеттүү тармак болуп саналганы менен, мамлекет тарабынан адис даярдоого жетиштүү көңүл бурулбаганын талдоочулар айтып келишет.
Алар өндүрүштүн көлөмүн өстүрүү үчүн Кыргызстандагы тигүү тармагы квалификациялуу жумушчуларга муктаж болуп турганын айтышууда. Кесипкөй тигүүчүлөрдүн жетишсиздигинен улам көптөгөн тигүү ишканалары жарым-жартылай кубаттуулук менен иштешерин белгилешет.
Бейрасмий эсеп боюнча Кыргызстанда тигүү өнөр жайында иштегендердин саны 200 миңге чейин жетет. Буга тигүү, жүктөө, жеткирүү жана сатуу тармагында иштегендер кирет.