Биз менен байланышыңыз

Кепилдик фонду быйыл кепилдик берүүнүн санын жогорулатат

Коом , Экономика | 12 Янв 2023 | 582 | 0

Өткөн жылы Кепилдик фонду 2 млрд сомго жакын 1000ден ашык кепилдик берди. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кепилдик фонду» башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 160 пайызга өстү. Ошондой эле кепилдик фонд былтыркы жылы мамлекеттик ипотекалык программаны ишке киргизди. Анын алкагында жарандардын үй алуусуна бир топ жеңилдиктер түзүлгөн. Мекеме ошондой эле былтыр күз айынан тарта ишкерлерге пайызы жок насыя бере баштаган. Быйыл 3 млрд сомдон ашык каражатка 2,5 миң кепилдик берүүнү пландап жатат.

Кепилдик фонду өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, быйылкы жылга коюлган пландарын ачыктады. «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров өткөн жылы фонд тарабынан берилген кепилдиктердин саны 2021-жылга салыштырмалуу 160 пайызга өскөнүн билдирди.

2022-жылы мекеме 1 млрд 850 млн сомго 1050 кепилдик берген.

«Банктар биздин колдообуз менен 6 млрддан ашык суммага насыя берген. Өткөн жылы Кепилдик фондунун кирешеси 416 млн сомду (өсүү 135 пайыз) түздү. Ага кантип жетиштик? Улуттук банк 91,2 пайыз акцияны ээлейт, андыктан алар менен бирге мыйзамга өзгөртүү киргизип, колдоо тапты. Анын артынан сентябрь-октябрь айларында портфелдик жана ипотекалык кепилдик бергенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми ноябрь-декабрь айында жыйынтыгын көрө баштадык. Азыр 18 банк менен иштешебиз, анын үч-төртөөсү портфелдик кепилдик берет. Ошондой эле декабрь айында биринчи ипотекалык кепилдик берилди».

Мурдагы жылдын күзүндө Кепилдик фонд банктар менен биргеликте мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында кепилдик бере баштаган. Бул программанын негизинде биринчи кепилдик 2022-жылдын декабрында берилди.

Фонддун жетекчисинин айтымында, ипотекага үй алган жаранга алгачкы төлөмгө каражат жетпей жаткан. Бул маселени чечүүдө Кепилдик фонду өз салымын кошууда.

«Ал Кепилдик фонду аркылуу «РСК Банктан» 400 миң сом алды. Эки пайыз өлчөмүндө белгиленген комиссияларды белгилей кетейин. 400 миң сомдун эки пайызы 8 миң сомду түзөт. Кардар 8 миң сом төлөп, анын баштапкы төлөм жана күрөө маселеси чечилди. 2022-жылдын 14-декабрынан тартып кыргызстандыктар Кепилдик фондунан колдоо катары мамлекеттик ипотеканын программаларынын бири боюнча турак жай сатып алууда баштапкы төлөмдүн 10%га чейинки көлөмүн алууга мүмкүнчүлүгү бар».

Кепилдик фонд мындан сырткары ишкерлерди колдоо максатында да бир канча долбоорлорду ишке ашырып келет. Мекеменин жетекчиси быйыл да ишкерлерди колдоо, анын ичинде жашыл экономиканы колдоого фонд тарабынан өзгөчө көңүл буруларын айтты.

Абакиров кошумчалагандай, фонд өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери дээрлик 3500 ишкерге 5,3 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берди. Бул дээрлик 18 млрд сом суммадагы насыяларды берүүгө мүмкүндүк түздү.

«Быйыл экспортко иштеп жаткан ишкерлерге дагы жардам берели деп жатабыз. 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгында биздин импорт 80 пайызга жетсе, экспорт 20 пайызга түшүп кетти. Буга геосаясий абал себеп болду. Экспортко иштеп жаткан ишкерлерди колдосок, анда алардын товарлары атаандаштыкка туруштук берип жатып сапаты жакшырат. Ошондой эле ишкерлерге консультативдик жардам жана сырткы рынокко чыгууга көмөктөшөбүз. Кийинки жумадан баштап алар менен иштей баштайбыз».

Кепилдик фондунун маалыматына караганда, быйыл мекеме 3 млрд 300 млн сомдон ашык каражатка 2 миң 500 кепилдик берүүнү пландоодо. Ал эми өткөн жылы 1 млрд 850 сомго 1050 кепилдик берилген.

Ушул жылдын биринчи иш жумасында уюм ишкерлерге 80 миллион сомдук колдоо көрсөттү.

Ошондой эле фонд бул жылы 17 млн ​​доллар өлчөмүндө портфелдик кепилдиктерди берүүгө, Мамлекеттик ипотекалык компания жана «РСК Банк» тарабынан көрсөтүлө турган мамлекеттик ипотекалык программанын бардык катышуучуларына колдоо көрсөтүүгө даяр.

Программа төрт жылга эсептелген, бирок аны эки жылда ишке ашыруу пландалууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM