Connect with us

Өлкөдө диний экстремизмди аныктоочу эксперттердин жоктугу сынга кабылды

Саясат | 13 Янв 2023 | 664 | 0

Жогорку Кеңеште «Экстремисттик ишке каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Баяндамада айтылгандай, мыйзам адамдын укугун жана эркиндигин, аймактык бүтүндүктү коргоо, экстремисттик кадамдарга бөгөт коюу жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт. Бүгүнкү күндө дүйнөдө жана өлкөдө мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу таасир тийгизген эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар таштаган жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алып келүүдө. Алардын алдын алууда бул мыйзамдын мааниси кандай? Мыйзам долбооруна алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бейшембиде Жогорку Кеңештин жыйынында «Экстремисттик иштер менен күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков сунушталган мыйзам долбоору адамдын укугун жана эркиндигин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, экстремисттик ишмердиктен аймактык бүтүндүктү коргоо жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөй турганын белгиледи.

ИИМдин өкүлү Самат Осмонов бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин атайын экстремисттик материалдарга карата эскертмелерди берүү эрежелери Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыга турганын маалымдады.

«Бул мыйзам долбоору экстремисттик ишти алдын алууга багытталгандыктан, жеке жарандарга карата алдын алуу иш-чараларын өткөрүү багытында жасалган. Себеби, учурда экстремисттик материалдарды алууда ар кандай шарттар пайда болуп жатат. Кээ бир адамдар билбестен экстремисттик материалдарды үйлөрүндө сактаган жагдайлар пайда болуп жатат. Ошондуктан ал материалдар андан ары таркатылбашы үчүн профилактикалык иштерди өткөрүү максатында эскертүү берүү эрежелери иштелип чыгат. Ал жерде баары так көрсөтүлөт».

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева «аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен көптөгөн жаранга кылмыш иши козголуп жатканын айтып, бул берене менен аймактар аралык кастык кайра күчөөрүн, ал беренени алып салуу керектигин белгиледи.

«Аймактар боюнча бөлүнбөй, биз жаштарды бириктире турган саясатты жүргүзүшүбүз керек. Ошондуктан бул берене алып салынышы керек. Бул — укук коргоо органдары репрессиялык жактан колдоно турган берене да. Бийликке каршы сүйлөгөн адамдарды ушул берененин негизинде камаган учурлар болду. Муну өзгөртпөсөк, саясатчылар жана оппозицияга каршы колдонулган берене болуп калып жатат. Бийликте мен отурсам, мен колдонот экем, сиз отурсаңыз, сиз колдонот экенсиз. Ал эми коомду биз бөлүп-жарып жатабыз. А биз тескерисинче, коомду бириктиришибиз керек». 

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ага жооп катары аймактар аралык бөлүнүп-жарылууну жок кылуу зарылдыгынан улам «аймак аралык касташууну козутуу» деген берене иштелип чыкканын, бөлүнүп-жарылууларды жазалоо үчүн таяна турган мыйзам болуу керектигин айтты.

«Бул берене абдан туура. Бөлүнүп-жарылууга чекит коюу үчүн ушундай мыйзам долбоору иштелип чыгып жатат. Аймак-аймак болуп бөлүнбөө үчүн бир чечим керек болчу. Эгерде мыйзамга такалбасак, эмне кылабыз? «Эгерде бөлүнсөңөр ушул мыйзамдын негизинде жооп бересиңер, ушундай кылбагыла» деп айтуу үчүн ушул мыйзам иштелип чыкты».

Ал эми депутат Шайлообек Атазов диний экстремисттерди аныктоо, алар менен иш алып баруу боюнча Ички иштер министрлигинин кандай түзүмдүк бөлүмдөрү алектенип, кандай адистер даярдаларына кызыгып, аталган кылмыш иштери созулуп жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө экстремизмди аныктаган кандай бөлүмдөр бар? Экстремист деп камай берсек, анда бардык эле жаран камалып кетпейби? Мен билген боюнча эки-үч адамга «экстремизм» беренеси менен иш козголуп, төрт жолу сот болсо да, анын экстремист экени аныктала элек». 

Министрликтин өкүлү муну менен ИИМдин 10-башкы башкармалыгы алектенип, андан соң соттук териштирүүлөргө Юстиция министрлигинин эксперттери тартыларын маалымдады.

«Биздин беренеге так жазылып жатат, экстремистти аныктоо үчүн бизде атайын экспертизалар жүргүзүлөт. Аны Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызматы жүргүзөт. Экспертизанын түрлөрү: диний, лингвистикалык жана комплекстүү. Ошол экспертизалардын жыйынтыгынын негизинде кылмыш иши козголот же козголбойт». 

Депутат Айбек Осмонов да Кыргызстанда диний экстремизмди аныктоочу эксперттер жок экенин айтып, ага байланыштуу жүздөгөн жаран абакта отурганын белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, 2003-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда расмий түрдө 21 диний уюмга тыюу салынган. Соттук инстанциялар аларды бузуку, экстремисттик жана террордук уюм деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM