Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга рубль баштыктап алып келинүүдө. Кандай тобокелдиктер бар?

Блог , Экономика | 12 Янв 2023 | 2046 | 1

Кыргызстанда рублдин көлөмү көбөйүп, доллар азаюуда. Өлкөдөн долларды чыгарып алып кетип жатканына, ал эми рублди баштыктап алып келип жатканына күбө болгондор бар. Мындай кырдаал улана берсе, өлкө бир топ кыйынчылыктарга кептелерин адистер айтышат.

Рублдин мындан аркы тагдыры, өлкөдө рубль көбөйсө эмне болору жана мындай кырдаал жарандарга, ишкерлерге кандай таасир этери туурасында саясат талдоочу Денис Бердаков менен маек курдук:

— Рубль менен жаралган азыркы кырдаалды кантип бааласак болот?

— Кыргызстанга накталай жана накталай эмес рубль өтө көп келип жатат. Накталай дегенде кадимкидей эле чоң сумкалар менен ташып келишүүдө, мен ошол баштыктарды өз көзүм менен көрдүм. Накталай эмеси акча которуулар (рубль) эмгек мигранттары тарабынан жүргүзүлгөнүн айтсак болот.

Өткөн жылы алар 2 миллиард рублди биздин 20 банкка которушкан. Мындан ары бул рублдер менен эмне кылары азырынча белгисиз. Негизи биз рублдар менен Орусиядан товарларды сатып алабыз. Бул тамак-аш азыктары, техникалык каражаттар болушу мүмкүн, ошондой эле биз Орусиядан бензин сатып алабыз. Газ үчүн да «Газпромго» рубль менен төлөйбүз. Ошентип рублдин кайсы бир бөлүгүн бизге керектүү буюмдарды сатып алуу аркылуу кайра Орусияга кайтарып берип жатабыз.

Бирок азыр кырдаал кескин десек болот, анткени биз Орусиядан рубль гана алып жатабыз. Ал эми мурда биздин мигранттар же ишкерлер рубль же доллар жөнөтүшчү. Маанилүү нерсе, мурда биз орус банктарынан рублди долларга алмаштыра алчубуз.

А доллар Кыргызстанга Түркиядан, Кытайдан, Америкадан жана Европадан товарларды, дары-дармектерди, кездемелерди сатып алуу үчүн керек.

— Бизде экономикалык модель өзгөрдү…

— Беш-он жыл мурун экономикалык моделибиз жөнөкөй эле: товарларды Кытайдан, Түркиядан, Араб Эмираттарынан сатып алып, кайра Орусия менен Казакстанга сатып келгенбиз. Андыктан доллар дайыма керек болчу. Баарын долларга сатып алып, Орусияга рубль же доллар төлөнүп берилчү. Алган рублдерди кайра долларга алмаштырып алчубуз.

Анан да Орусиядан бизге 2 млрд доллар мигранттардан келип түшүп турган, экономиканын дагы бир бөлүгүн «Кумтөрдөн» жана башка кендерден алтынды долларга сатуу ээлеп турган.

Азыр баары өзгөрдү. Эмгек мигранттарынан орус рубли гана түшүүдө, орус бизнесмендери биздин өндүрүм үчүн рубль менен гана төлөп, рубль толук жүгүртүлбөгөн валюта болуп калды. Тактап айтканда, биз Түркияга жана Кытайга рубль менен чыга албайбыз, анткени алар доллар, евро, лира же юанды гана кабыл алышат. Мына ушул жерде кыйынчылыктар жаралууда.

— Кыргызстанда рубль көбөйүп жатканын белгиледиңиз. Эми мындан аркы абал жана рублдин тагдыры кандай болушу ыктымал?

— Азырынча бизди Улуттук банк гана сактап калып жатат. Себеби башкы банкта доллардын кору бар, убакыттын өтүшү менен ал да азаят.

Эртең банктарыбыз рублди сомго же долларга алмаштырууну токтотсо, кыргыз бизнесмендери: «Бизнести кантип жүргүзөбүз? Үй-бүлөнү кантип багабыз?» — деп калышат. Бул тилекке каршы, мамлекеттин көйгөйү болуп калат.

Ошондуктан Орусия, Түркия жана Кытай менен макулдашып, алар рублди кабыл ала тургандай кылып сүйлөшүш керек. Бирок бул өтө узак жана бир нече жылга созулат жана ишке ашуусу мүмкүн эмес деп ойлойм.

Андыктан, 5-6 айдан кийин биз өтө оор кырдаалга туш болобуз. Биздин өкмөт тандоо жасоого, рублдин баасын өтө эле арзандатууга муктаж болот, бирок ушундай кадамга барсак биздин миллион мигрант жумушсуз калып жана бул алардын мекенине кайтып келишине алып келет. Ал эми бизде жумуш орундар жок.

Ошол себептен, кантсе да кырдаал татаалдашууда жана биздин экономика долларсыз тумчугуп жатат.

— Азыркы абал карапайым калктын жашоосуна жана ишкелердин бизнесине кандай таасир этиши мүмкүн?

— Бизге рубль жарым-жартылай долларды алмаштырат. Мунун эч кандай зыяны жок, болгону бизнесмендерибизде зарыл нерселерди чет жактан сатып алуу үчүн доллар болушу керек. Негизги коркунуч бизнес үчүн да, карапайым калк үчүн да бар.

Биз сатып алуу, кайра иштетүү, кийим тигүү менен алектенип, аларды Казакстанга, Орусияга жана Беларусияга сатабыз. А сатып алууга долларыбыз жок болсо, жапа чегип калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан жакын арада экономикалык абалды адамдар өтө кунт коюп, бардыгын байкап, ошого жараша оокат кылышы керек.

— Жарандар рубль менен акча топтошу керекпи?

— Эгер алардын рублга муктаждыгы бар болсо, анда ооба, топтошу керек. Мисалы, бир кыргызстандык жаран Москвадан же Новосибирск шаарынан батир алгысы келсе, аны рубль менен гана алат. Орусияда бүгүн да, беш-он жылдан кийин да рубль суроо-талапка ээ болгон бойдон кала берет.

Эгерде Кыргызстанда жаран доллар менен айлык алса, бирок ал башка өлкөдө жашоону пландап жатса же башка өлкөдөн дары-дармек сатып алайын десе, анда акчаны доллар менен сакташы керек.

Жалпысынан алып караганда, эгер Кыргызстанда жашасаң, анда өзүңдүн валютаңды пайдаланышың керек. Буга биз эчак эле көнүп калышыбыз керек болчу. Себеби улуттук валюта — сом. Бардык компаниялар сом менен салык төлөп, бардык сатуу-сатып алууларды сом менен аткаруу зарыл. Сом — биздин туруктуу валютабыз.

— Кайсы товарларыбызды доллар, евро менен сатып алышат?

— Биздин сейрек кездешүүчү металлдарды доллар, евро менен сатып алышат. Бул жерде тезирээк орус компанияларын рублга тартуу менен мунун баарын улуттук холдинг аркылуу куруу үчүн ондогон тоо-кен долбоорлорун ишке киргизүү керек. Алардын өндүрүмүн мамлекет расмий түрдө сатып, мунун аркасы менен өлкөгө евро жана доллар келип турат. Ошентип, биз соода балансын сактай алабыз.

— Мындан ары өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүшү керек?

— Бул жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнө төрагалык кылууда. Мындан улам биринчи кезекте эле биз Орусия жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү демилгелеп, рублди кабыл алуу үчүн макулдашууну көтөрүшүбүз керек.

Экинчиден, мүмкүн болгон нерселердин бардыгын Орусиядан сатып алууларды максималдуу түрдө көбөйтүү зарыл. Бул татаал тандоо, анткени ал көп учурда ички өндүрүштүн кээ бир нерселеринен баш тартууга туура келиши мүмкүн. Рублга продукция сатып алуу менен биз рублдерди азайтабыз.

Орусиядан жөн гана товар эмес, кандайдыр бир өндүрүш сатып алуу дагы да пайдалуу болот. Мисалы, бизде рубль азыр көп болуп жатат, аны биз өндүрүштүн кандайдыр бир түрүн түзүүгө, инвестицияга жумшасак болот. Ошентип биз бул продукцияны Кытайга, Түркияга жана Европага доллар менен еврого сата алабыз.

1 пикир

1 пикир

  1. Азим мырза

    12.01.2023 18:37

    Мигрантардан 200 миллиард доллар келсе,жыргап кетпейт белек.Ондоп койгулачы макаланарды 2 миллиард деп ,хотя бы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM