Биз менен байланышыңыз

Ташиев чек арада курман болгон жоокерлерге арнап китеп чыгарууну тапшырды

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 291 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыйын өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

Анда Ташиев жоокерлерге арнап, китеп чыгаруу тапшырмасын берди. Окурмандардын, өзгөчө жаш муундун мекенчилдик сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.

Чыгарыла турган китептерди бардык орто мектептерге жана жогорку окуу жайларга таратуу чечими кабыл алынды. Ошону менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды.

Ташиев китептин ачылышын жарыялоо боюнча иштер 2023-жылдын 31-августуна, кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектигин айтты.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы жолу былтыр сентябрда Тажикстандын аскерлери Баткен облусунун аймагына куралдуу кол салган. Анда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM