Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын соттордун ишмердүүлүгүнө нааразычылыгы

Саясат | 11 Янв 2023 | 531 | 0

11-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку сот демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Административдик-процесстик кодексине, Жарандык процесстик кодекстерине) мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты. Талкууда эл өкүлдөрү жалпы эле сот системасын реформалоо жана андагы негизги көйгөйлөргө токтолушту. Ошол эле учурда алар карапайым калк сот адилеттүүлүгүнө жетпей, сотко болгон нааразычылыктар көп экендигин белгилешти.

Бүгүн VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдагы биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде 14 мыйзам долбоору каралып, алардын көпчүлүгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору болду.

Ошондой эле жыйында Жогорку сот демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Административдик-процесстик кодекске, Жарандык процесстик кодекстерге) мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты.

Баяндама жасаган Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, мыйзам долбоору жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот өндүрүшүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле соттор тарабынан процесстик мыйзамдардын бирдей жана туура колдонулушун камсыздоого багытталгандыгын маалымдады.

Анын айтымында, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр сот өндүрүшүн тартипке келтирүүгө, максималдуу толук кепилдик берүүгө, жарандардын укуктарын жана милдеттерин коргоого, бюрократиялык иштерди кыскартууга жана соттук териштирүүлөр учурундагы убакытты жана материалдык чыгымдарды кыскартууга багытталган.

Талкууда депутат Нуржигит Кадырбеков соттук отурумдарды кийинкиге жылдыруу жана жараяндарды создуктоо, процесске тараптардын биринин келбей калуу маселелерин белгилеп, сотко келбей тарапка жоопкерчилик каралашы керектигин белгиледи.

«Чындап айтсак, канча деген соттук отурумдар жылып кете берет. Бир сөз бар «чычканга өлүм, мышыкка оюн». Сотко эмне чакырылгандар келбей калгандыгын айтып, «кийин келгиле» деп коет. Ал атайын сот үчүн бирөө Ат-Башыдан, бирөө Алайдан келет. Келбегендердин эсебинен келгендерге компенсация маселесин карап койсо болбойбу? Бул деген адилетсиздик. Бирөө мыйзамды сыйлап келип жатса, экинчиси кайдыгер болуп келбей жатат. Келген адамдын убактысы, энергиясы, нерви жана каражаты кетип жатат».

Депутат Жанар Акаев негизсиз жана мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган соттордун жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү.

«Азыр жаңылыктардан кандай иш болбосун «2 айга камакка алынды» дейт дагы, андан кийин «узартылды»,  «узартылды», «узартылды» деп эле келе жатат. Мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди күч органдары автомат менен кармалды эле, бирок кийин ал дагы соттон акталып чыкты. Жыйынтыгында эмне болду? Мыйзамсыз иш козгогон прокурорлор жоопко тартылдыбы? Алар сөзсүз жоопко тартылышы керек».

Ал эми Адахан Мадумаров соттор прокуратура органына баш ийип, көз каранды болуп калгандыгын сынга алды. Ошондой эле ал соттордун көз карандылыгынан улам акчасы жана таанышы жок карапайым калк жабыркап жаткандыгын белгиледи.

«Мыйзамсыз кармалып абакта отурган 26 адамга карата прокуратура кандай сөз сүйлөсө, сот ошого баш ийкеп, туура деп отурат. Прокуратурадагылар соттордун баарын жетелеп алышыптыр. Кыпкызыл жалганды үйүп турса дагы, сот ушулардыкы туура деп айтат. Кыргыз сотунан жабыркабаган жаран калган жок өлкөдө. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри жакшы чоң кызматтагылар менен дос экен, акталып чыгып кетти, досу жоктор кайда барат. Байкуш бечаралар дос, таанышы жок болгондуктан абактарда алты айлап жатат. Адамдын тагдыры менен ойнобош керек урматтуу соттор».

Мындан сырткары депутаттар соттор бир эле иштер боюнча карама-каршы чечимдерди кабыл алып жатканын белгилешип, судьялардын жоопкерчилигин кароо зарылдыгын эскертишти.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот реформасы мамлекеттик деңгээлде жүрүшү керектигин, ал үчүн колдоо керектигин айтты.

Өлкөдө сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналары айтылып келет. Эксперттердин айтымында, сот реформасы ишке ашмайынча, мамлекет өнүгө албайт жана өлкөгө чоң инвесторлор келбейт.

Copyright © 2017 Maral FM