Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 104 млн 250 миң долларды сатыкка чыгарды

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 241 | 0

Улуттук банк 2023-жылдын эсебинен биринчи жолу интервенция жасады. Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, бул жолу 104 миллион 250 миң доллар сатылган.

Бул акыркы жылдагы интервенциялардын эң чоң көлөмү.

20-декабрда доллардын баасы жогорулаганына байланыштуу Улуттук бакн валюта рыногуна 87,5 млн АКШ долларын саткан.

Доллардын расмий курсу 11-январга карата 85 сом 68 тыйын деп белгиленген. Акча алмаштыруучу жайларды жана коммерциялык банктарда 86 сомго жетүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM