Биз менен байланышыңыз

ККМдин жаңы моделин колдонууга өтүү мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 371 | 0

Министрлер кабинетинин токтому менен контролдук-кассалык машиналардын жаңы моделдерин колдонууга өтүү мөөнөтү эки айга узартылды жана ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди.

Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-мартына чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү, ал эми 2023-жылдын 1-апрелине чейин товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъектилер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алышат (патенттин негизинде иш жүргүзүү шартында).

Ошондой эле ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Тизмеге төмөнкүдөй түрлөр киргизилди:

— гезит-журнал, алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан башка товарларды сатуу;

— кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;

— цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу;

— окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.

Copyright © 2017 Maral FM