Биз менен байланышыңыз

ТИМ Ооганстандагы кыргыздардын абалы боюнча маалыматты текшерүүдө

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 271 | 0

Ооганстандын Памир өрөөнүндө вирустук инфекциянын жайылып жатканы жана этникалык кыргыздардын өлүмү жөнүндө тараган маалыматты Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерип жатат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Телефон байланышы жок болгондуктан жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын тактоо максатында жерине элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда, Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, ооган кыргыздарынын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта экени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM